Сооп иштер арбын жасалды! Жээнбеков Орозо айт майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Мамлекет башчы Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер арбын жасалганын белгиледи.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоо сөзүн Бишкек шаарынын Эски аянтындагы айт намазда Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду. Ал эми Жээнбеков өзү борбордук мечитке барып майрамдык намазын окуду.

Мамлекет башчы Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер арбын жасалганын белгилеген.

"Кыргызстандын аймагында түрдүү этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү байырлашат. Биз баарыбыз ынтымакта жанаша жашап келе жаткан, бири-бирибизге тирек болгон тагдырлаш, тилектеш бир эл, бир журтпуз. Жергебизге Жараткан кут кондуруп, ар бир үйдө бак-таалай, береке болсун. Элибиздин биримдиги жана ынтымагы бекемделип, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегин чогуу куралы", — деп кайрылган Жээнбеков.

Ошондой эле өлкө башчы ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0