Түркияда кыргызстандыктардын бекер дарылануусуна берилген квота көбөйдү

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан хирургдар. Архив
Операция жасап жаткан хирургдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түркия жылына жүздөгөн кыргызстандыктарды бекер дарылануу үчүн кабыл алып турган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандыктардын Түркияга бекер дарылануусу боюнча кошумча квота бөлүү жаатындагы келишимге кол коюлду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Строительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы качан иштей баштары белгисиз
Министр Космосбек Чолпонбаев Женева (Швейцария) шаарында өткөн Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеясынын 72-сессиясында түркиялык кесиптеши Фахреддин Кожа менен жолуккан. Анда 100 орундун квотасы ушул сандын жарымына чейин көбөйтүлө турганы боюнча келишим түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашуу 2014-жылы түзүлгөн.

Кошумча 50 орунду Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бөлүштүрмөкчү.

Жолугушуунун катышуучулары 2019-жылдын аягында ачыла турган Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы тууралуу да сүйлөштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0