Бишкекте күч түзүмдөрү арасында оксуз кармашуу боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Жазылуу
Мелдеш Чек ара кызматынынын 20 жылдык мааракесине арналат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбордо спорттун оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) түрү боюнча күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары арасында эл аралык мелдеш өтөт. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Бишкекте тай бокс боюнча КРдин чемпионаты өттү. Беттештеги ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте тай бокс боюнча КРдин чемпионаты өттү. Беттештеги ирмемдер
Маалыматка ылайык, мелдеш 15-18-май күндөрү борбордогу аскер клубдун биринде болмокчу. Ал Чек ара кызматынын 20 жылдык мааракесине карай уюштурулуп жатат.

Турнирге 150гө чукул спортчу катышары айтылат. Алардын 10у — эл аралык класстагы спорт чебери, 50сү — КРдин спорт чебери, 60ы — спорт чеберине талапкер.

Жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпионатына катыша турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0