21:42 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Депутат Асылбек Жээнбековдун архивдик сүрөтү

Тазабек Икрамовдун Сооронбай аттуу уулуна бата берген Асылбек Жээнбеков. Видео

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
5651 0 0

Кадрларда депутат Талант Мамытов интернет колдонуучулар Тазабек Икрамов деп айтып жаткан адамга конверт сунат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин депутаттары дасторкон үстүндө отурган видео тарап, аны интернет колдонуучулар парламент депутаты Тазабек Икрамов берген той деп божомолдоодо.

Кадрларда депутат Талант Мамытов интернет колдонуучулар Тазабек Икрамов деп айтып жаткан адамга конверт сунат.

Ал эми эл өкүлү Асылбек Жээнбеков төрдө туруп, алакан жайып бата берип жатат.

"Тазабек инибиздин уулу Сооронбай Тазабековичтин тушоо кесүү тоюна катышууну бизге насип этиптир. Соорондун ден соолугун чың кыл, өмүрүн узун кыл, Алла-Таала. Ыймандуу, өзүң жакшы көргөн жигиттерден болсун, жараткан. Чоңоюп, чуркап, иштеп, үй-бүлө түзүп, көп уулдуу-кыздуу болсун. Тазабек инибизге жөлөк, жардамчы, мураскер болуп, уругун улантып жүрө берсин. Тазабек инибизди сүйүнттүргөн жигиттерден болсун..." — деп сүйлөйт Жээнбеков.

Бул видеонун чоо-жайын билүү үчүн депутат Тазабек Икрамовдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Тема боюнча

Депутаттар Тазабек Икрамов менен Евгения Строкова айтыша кетти. Видео
Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу видеодо
Белгилер:
уул, видео, той, Асылбек Жээнбеков, Тазабек Икрамов

ЭҢ МААНИЛҮҮ