13:15 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Жогорку Кеңештин экс-спикери Аxматбек Келдибеков. Архивдик сүрөтү

"Райым ата..." Келдибеков Матраимовдун иш-чарасында күлкүгө калды. Видео

© Фото / пресс-служба ЖК КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
718701

Спорттук мелдешке Аxматбек Келдибековдон сырткары бир катар жогорку кызматтагы адамдар да катышкан.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-спикери Аxматбек Келдибеков Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду "Райым ата" деп коомчулуктун талкуусуна калды.

Мындай сөздү Келдибеков Кара-Суу районунда Матраимовдор уюштурган спорттук иш-чарада айтып алган, бирок ал өз сөзүн четке каккан эмес.

"Мындай жигиттердин душманы көп болот, аларды сөз ээрчийт. Аларга көңүл бурбай, мындай иштерди жасай бериш керек. "Райым ата" фондуна раxмат, ой, туура эле айттым. Исмаил атанын балдарына раxмат. Буюрса "Райым ата" фонду да болот", - деди Келдибеков.

Видео социалдык тармактарга тез тарап кызуу талкууланууда.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-май — Жеңиш күнүнө, ошондой эле Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган волейбол жана футбол турнири өткөн.

Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир топ депутаттар жана биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов катышып, интернет колдонуучулардын сынына кабылды.

Мелдеште Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун да жүргөнүн көрүүгө болот. Эске сала кетсек, 2017-жылы ошол кездеги премьер Сапар Исаков Матраимовду "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан бошоткон. Бирок Матраимов кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып сотко кайрылган.

2018-жылы 25-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.

Тема боюнча

Депутаттар Матраимовдун турнирине жабыла барган себебин айтышты
Белгилер:
Ахматбек Келдибеков, Райымбек Матраимов, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ