БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жөө басуу адамды кыйнабайт жана ашыкча салмактан арылуунун эң сонун ыкмасы экенин "Медикфорум" басылмасы жазды.
Адистердин айтымында, арыктоо үчүн туура тамактануу жетишсиз, кандай гана диета болбосун аны сөзсүз түрдө машыгуу менен толукташ керек.
1,6 чакырымды кадимки темп менен басып өткөндө 100 калорий коройт. Эгер темпиңизди бир аз тездетип же өйдөнү көздөй бассаңыз, калория көп кетиресиз. Андыктан ыкчам темп менен 30 мүнөт бассаңыз, 100-300 калорийге чейин кетире аласыз.
Сезилерлик жыйынтык болуш үчүн күнүнө 30 мүнөттөн 90 мүнөткө чейин сейилдөө керек.