21:14 16 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.5663
  • EUR78.2308
  • RUB1.1075
Мэрия города Нарын поздравила с праздником Нооруз Курманжан Майрыкееву, которой исполнилось 100 лет

Нарында сот болуп иштеп 100гө чыккан Курманжан апа. Сүрөт

© Фото / Facebook / Нарын Шаардык Мэриясы
Коом
Кыскача шилтеме алуу
42510

Кылым карыта жашаган Курманжан апа Теӊир-Тоонун коюнунда жашап, иштеп, коомдогу тарыхый ɵзгɵрүүлɵрдүн күбɵсү болуп, Нарын шаарынын ɵнүгүүсүнɵ ɵз салымын кошкон.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нарын шаарынын мэриясы Нооруз майрамынын алдында 100 жашка чыккан Курманжан Майрыкееваны куттукташты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кылым жашаган байбичени куттуктоого шаардык аксакалдар жана аскер ардагерлери кеӊештеринин тɵрагалары менен журналисттер келген.

Кылым карыта жашаган Курманжан апа Теӊир-Тоонун коюнунда жашап, иштеп, коомдогу тарыхый ɵзгɵрүүлɵрдүн күбɵсү болуп, Нарын шаарынын ɵнүгүүсүнɵ ɵз салымын кошкон.

"Бир топ жыл сот тармагында, андан кийин кɵп жылдар Нарын шаарындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында ардактуу эс алууга чыккыча үзүрлүү эмгектенип, билим-тажрыйбасын ушул кызматка арнаган. Ошол эле мезгилде ɵмүрлүк жолдошу Жумагожо Майрыкеев менен үй-бүлɵнүн сыймыктуу, бирок түйшүктүү жүгүн бирге тартып, уул-кыздарды татыктуу тарбиялап, "Баатыр Эне" наамына арзыган. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эмгектин ардагери", — деп айтылат маалыматта.

Өмүрлүк жолдошу Жумагожо ата кезегинде укук-тартипти сактоо органдарында эмгектенип, Ички иштер кызматынын Тянь-Шань облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Ички иштер министринин саясий тарбиялоо иштери боюнча орун басары, колония башчысы кызматтарында иштеген. Эс алууга чыккандан кийин Нарын облустук архивин жетектеп, азыркы эки кабаттуу имаратынын салынышына чоӊ салым кошкон.

Меймандардын куттугун жылуу кабыл алган Курманжан апа ɵмүр таржымалынан кеп салып, ак батасын берди.

Тема боюнча

Окумуштуулар: акыркы 70 жылдан бери кишилер 22 жашка узак жашай баштады
Кыргызстанды даңазалаган алптар! Аравияда элди таңданткан жигиттердин таржымалы
Белгилер:
Нооруз, куттуктоо, мэрия, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ