Кыргызстан БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина
НИИ детской онкологии и гематологии РОНЦ имени Н.Н. Блохина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө конвенцияны ишке ашыруу милдетин 2011-жылы алган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган конвенция БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылы 13-декабрда кабыл алынып, Кыргызстан ага 2011-жылы кошулган. Жогорку Кеңеш документти быйыл 7-февралда үчүнчү окууда жактырып берди.

"Конвенциянын максаты бардык майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Эми Тышкы иштер министрлиги ратификация грамотасын БУУнун Башкы катчысынын дарегине жөнөтүшү керек.

Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0