01:10 22 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Кыргызстан жана Тажикстан тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин. Архивдик сүрөт

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү

© Фото / пресс-служба МИД КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (30)
380 0 0

Ушу тапта чек арада абал чыңалып турганы айтылды.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлиги кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Маалыматта сүйлөшүүнү кыргыз тарап демилгелегени айтылат.

“Министрлер чек арадагы абалды талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилени чыңдоо жана жагдайды жөнгө салуу үчүн тийиштүү органдардын өз ара тыгыз аракетинин зарылдыгын белгилешти”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта Баткен чек ара бөлүмүнүн жоокерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Тема:
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал (30)

Тема боюнча

Бири-бирине таш ыргыткан. Баткендеги кыргыз-тажик чегинде чыр чыкты
Кыргыз-тажик чырынан улам Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды эки өлкөнүн чек арачылары жөнгө салууда
Белгилер:
ТИМ, жол, чек ара, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ