Бишкектин Свердлов районунда жаңы эки көпүрө курулат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКөпүрө куруу иштери. Архивдик сүрөт
Көпүрө куруу иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районундагы 60 көчөнүн 10у экинчи фазанын алкагында оңдоодон өтөт. Алардын көбү конуштарга туура келет.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Свердлов районунан агып өткөн Аламүдүн дарыясына эки көпүрө курат. Тактап айтканда, бири Эне-Сай конушундагы Гидрокуруучулар көчөсүнө курулса, экинчиси Түгөлбай ата көчөсүнө салынмакчы. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эки көпүрө тең Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы аркылуу ишке ашат.

Ошондой эле Свердлов районундагы 60 көчөнүн 10у экинчи фазанын алкагында оңдоодон өтөт. Алардын көбү конуштарга туура келет.

"Түгөлбай ата көчөсү Орозбековдон Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин оңдолот", — деп маалыматта жазылат.

Андан сырткары, Буденный жана Фере көчөлөрү оңдолуп, жол кыймылын бир кыйла жеңилдет.

Жаңылыктар түрмөгү
0