БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында эл ташуу үчүн күнүнө 2300 микроавтобус чыгат, анын 1020сына видеокаттагыч орнотулду. Бул тууралуу мэриянын жыйынында Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Хасанбек Алимбеков билдирди.
Анын айтымында, видеокамералар 50 автобуска (45 пайыз) жана 87 троллейбуска (60 пайыз) коюлган. Алимбеков, мындан тышкары, борбор калаага апрель айынын ортосуна чейин жаңы автобустар келе турганын кошумчалады.
Мындан тышкары, Нооруз майрамына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу маалымат угулду. Маданият боюнча башкармалыктын жетекчиси Урмат Белекбаевдин айтымында, "Ала-Тоо" аянты, "Илбирс" имараты жана шаардын көчөлөрү жасалгаланмакчы.
Жыйын соңу менен борбор калаадагы үйлөргө номер берүү жана көчөлөрдүн аталышын тактоо иш-чараларын тездетүү тапшырмасы коюлду.