Каракол милициясынын башчысы облустук ИИБге жетекчи болуп келди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус ИИБинин мурдагы жетекчиси үстүбүздөгү жылдын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Каракол шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Улан Асанбаев Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Тийиштүү буйрукка ички иштер министри 27-февралда кол койгон. Эми жаңы жетекчи Ысык-Көл милициясынын курамына жакынкы аралыкта тааныштырылат.

Облус ИИБинин мурдагы жетекчиси үстүбүздөгү жылдын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0