Кыргызстанда кимдин айлыгы тез көбөйүп жатканын Статком билдирди

Жазылуу
Бир жыл ичинде өлкөдө айлык акынын саны 900 сомдун тегерегинде өскөнүн айтышты.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Тез өскөн айлык акы маалымат жана байланыш тармагында иштеген адамдардыкы болгонун Улуттук статистика комитети кабарлады.

Аталган ведомство былтыркы жылдын январь-ноябрь айындагы көрсөткүчтү 2017-жылга салыштырган. Бул учурда орточо жалыйна республикада 5,9 пайызга, 14 874 сомдон 15 747 сомго өскөн.

Кыргызстандын картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туугандарга канча акча бересиз? Статком эсептеп чыкты
Салыштыра келгенде, маалымат жана байланыш тармагындагылардын көбөйгөн кирешеси 14,5 пайызга өсүп, 31,6 миң сом болгону аныкталган.

Ошондой эле курулуш тармагындагылардын (10,9 пайыз) да тапкан акчасы өсүп, 16,7 миң сомду түзгөн.

Айлыгы чеке жылытпагыдай көбөйгөндөр искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында иштеген адамдардыкы болгон. Эгерде сандар менен алсак, 1,9 пайызга өсүп, 8,5 миң сомду түзгөн.

Эң көп айлык финансылык ортомчулук кылгандар менен камсыздандыруу жаатындагылардыкы экени аныкталган. Көбөйгөн пайызы анча бийикке чыкпаса да, орточо айлыктын көлөмү 34 миң сомдун тегерегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0