Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж

© AFP / JOEL SAGET Ооруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сени иштен айдатам! Айтканымды аткарбасаң, эч бир жерден иш таба албай каласың, менин ким экенимди билесиңби сен?!" — деп кыйкырды полковник ооруканадагы нөөмөттө турган доктурга. Уулу бир нече саат мурун киши сүзүп алыптыр. Доктурлар кырсыкка кабылган адамды сактап калуу менен алышып жатса, ата болсо баласын коргоо далалатында...

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (БТОИИБ) түнкү нөөмөткө күбө болуп кайтты.

БТОИИБде нөөмөт таңкы 8де башталып, туура 24 саатка созулат. Бул жерге жол, өрт кырсыгынан жабыркагандар, таяк жеп, токмоктолгондор түшөт. Ооруканада ондогон дарыгерлер күнү-түнү иш үстүндө.

© Sputnik / Светлана ФедотоваБишкектеги Травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борбору
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борбору

— Таңга жуук бир окуучу кызды алып келишти, машина уруп кетиптир, — дейт нөөмөттөгү врач Константин Роминский.

— Тирүүбү?

© Sputnik / Светлана ФедотоваТравмотолог Константин Роменский
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Травмотолог Константин Роменский

— Ооба, мээси чайкалыптыр, ички органдары да катуу урунган. Сүзүп алган айдоочу өзү алып келди. Алгачкы жардамды көрсөтүп, Тез жардам менен №3 балдар ооруканасына жөнөттүк.

Константин Роминский БТОИИБ түптөлгөндөн бери иштейт, ага дейре травматолог республикалык ортопедия борборунда өз милдетин өтөгөн. Доктурдун айтымында, аталган борборго эң көп түшкөн жана оор абалдагы бейтаптар — жол кырсыктарынан жабыркагандар.

— Январда машина уруп кеткен бир киши түштү, өзү кардиолог болуп иштечү. Аябай оор абалда экен. Кан басымы төмөндөп, тамырынын кагышы үзүл-кесил, оор сыныктары бар. Дароо реанимацияга жаткырдык. Бир нече күндөн кийин ички органдары иштен чыга баштады...

— Каза болуп калдыбы?

— 8 күн оор абалда жатты, анан үзүлдү.

— Коюп кеткен айдоочу эмне болду?

© Sputnik / Светлана ФедотоваДарыгерлер бейтаптардын дарыланууга көңүл бурбай, дарты өтүшүп кеткенде келерине кейиди
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер бейтаптардын дарыланууга көңүл бурбай, дарты өтүшүп кеткенде келерине кейиди

Врачтын айтымында, өлүм менен аяктаган кырсыкта айдоочуну сотко чейин камакка алышат. "Кырсык кандай болгонун билбейм, бирок айдоочунун жакындары жабыркаган кишиге колунан келишинче каралашып, дары-дармек сатып келип, кан издеп жатышты. Баары эле анте беришпейт, кээси дарыгерлерди коркутканга чейин барышат...

"Бир ирет мени "жумуштан чыгарып иймей болушту". Бир полковниктин баласы киши койдуруп алган экен. Жабырлануучунун өмүрү үчүн күрөшүп жатсак, полковник жөөчөндү машина койгон жок, ал өзү кулап кетти деп жазышыбызды талап кылган. Баарыбызды коркутуп-үркүттү", — деп эскерди дарыгер.

Доктур бейтаптардын көбү жарааты оор болсо да дарыланбай жүрө берерине кейиди. Чычаңы сынган аялдын жумушка барып жүргөн окуясын да эскере кетти.

"Келин "Дордойдо" иштечү экен, Жаңы жылдын алдында жыгылат. Бирок акчадан куру калам деп ооруну басаңдатуучу дары ичип алып эки жума бою жумушка чыгып жүрө бериптир", — деп айтып берди дарыгер.

"Көп нерсе көрдүк..."

Эмдөөчү бөлмөдөн чаңырган аялдын үнү жаңырды. Ал жакка бейчеки кирүүгө тыюу салынган. Аздан соң бөлмөдөн көздөрү шишиген бир кыз чыкты...

— Эмне болду?

— Тырмагымды алып салышты, коркпоңуз сиз анчалык! Бүгүн күндүзү катуу уруп алгам, күчөтүп албайын деп кайрылгам, тырмагымды алып салууга туура келди.

Борбордун доктурлары өздөрүнчө акырын сүйлөшүп жатышты... Бүгүн салыштырмалуу тынч нөөмөт экен. Ординаторлордун бири Умид борбордо жарым жылдан бери иштейт. Жаш дарыгер ушул убакыт аралыгында эле ар кыл нерсени көргөнүн айтып берди.

"Айрым окуялар, көбүнчө бейтап майып болуп калып же үзүлүп кете берген учурлар жүрөк тилет. Жол кырсыгынан жабыркаган бир бейтап эсимде. Жолтандабас КамАЗдан озуп өтөйүн дегенде айдоочу рулду башкара албай калган көрүнөт, машина ала салып кетет. Унаада эки баласы бар экен. Киши алган жаракатынан көз жумду, балдары аман калды", — деди Умид

Кызым жанын кыйгысы келиптир

Токсикология бөлүмүнүн далисинде улгайып калган жубайлар отурат. Аял көз жашын көлдөтүп, ал эми чарчаңкы тарткан күйөөсү аны сооротуп, башын тизесине кое, ыйын тыюуну өтүнүүдө...

© Sputnik / Светлана ФедотоваБу кыз өмүрүнө кол салган. Азыр эч коркунуч жок, бирок дарыланууга көп убакыт керектелет
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Бу кыз өмүрүнө кол салган. Азыр эч коркунуч жок, бирок дарыланууга көп убакыт керектелет

— Булар биздин бейтаптын ата-энеси. Жаш келин күйөөсүнөн ызасын чыгарам деп ууланып алыптыр. Жолдошу үйдө калган, бөлмөнүн оозунда ата-энеси санаага батып отурат", — деди токсиколог Нургазы Кыштакбаев.

Атасынын айтымында, кызы жолдошу ага көнүгүү жасоого жардам бербей койгонуна таарынып, ушуга барыптыр.

— Кызымдын төрөттөн кийин омурткалары ооручу. Врачтар атайын көнүгүү жаса дешкен. Бирок аны өзү жасай албайт. Күйөөсүнөн жардам бер деп өтүнүптүр. Ороңдоп койсо, кызым ошого таарынып, жанын кыйгысы келиптир, — деп айтып берди ал.

© Sputnik / Светлана ФедотоваАта-энеси келин күйөөсү менен уруша кетип, ага өчөшкөнүнөн ушундай кадамга барганын айтып беришти
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси келин күйөөсү менен уруша кетип, ага өчөшкөнүнөн ушундай кадамга барганын айтып беришти

Бөлмөгө кирсек, ошол кыз жатат. Чап жаак, болпойгон эриндери, арыкчырай келбети бар... Баамыбызда 23 жашта көрүнөт, бизге көңүл да буруп койгон жок, дубалды телмире тиктеп жатат, жаңы эле асма укол коюшту. Врач анын жакшы болуп кетерин, бирок толук сакаюусу бир топ убакыт аларын түшүндүрдү.

Токсикология бөлүмүндө азыр 20га жакын бейтап жатат. Алтоо реанимацияда.

Коңшу чакан бөлмөлөрдө алкоголго уулангандар, өз жанына кол салгандар, ашкере ченден азап тарткан баңгилер жатат.

— Арактын бир литри адамды комага түшүрүп коерун билесизби?

— Жо-ок...

— Узак мезгилден бери алкоголь ичүүдө организм спирттик ичимдикке кыныга түшөт да адам көбүрөөк кызый баштайт, кээде 300 граммы эле бизге түшүрөт.

— Көбү андан кете береби?

— Көпчүлүгүн сактап калабыз. Бул бейтап бизге жакында эле келди. Аны кусунду үстүндө, эсинен танган, дээрлик комадагы абалда табышкан... Эгер бар күчүн жумшаган врачтар болбогондо ал эбак бул жарык дүйнө менен коштошмок.

Кыштакбаев: "Эң кыйыны — бейтаптын жакындарына аны сактай албай калганыбызды угузуу",- деп улутунат. Дарыгер жакында эле андай учурду башынан кечирген.

© Sputnik / Светлана ФедотоваТоксиколог Нургазы Кыштакбаев
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Токсиколог Нургазы Кыштакбаев

"Үйүнө кирерден мурун киши машинасында отуруп, героин колдонгон. Абдан көп өлчөмдө колдонуп, ченемин ала албай калган. Бизге эртеси түштө алып келишти, сактап калууга мүмкүн эмес эле. Баса, ата-энеси, келинчеги анын баңгизат колдонорун билчү эмес экен",— деди врач.

Оттон секирип жылынышат

Күйүк бөлүмүнүн каалгасында "беткап тагыныңыз" деген эскертүү жазылган. Караңгы далистен кефирдин жыты урат.

© Sputnik / Светлана ФедотоваКүйүк бөлүмүндө 30дай бейтап жатат
Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж - Sputnik Кыргызстан
Күйүк бөлүмүндө 30дай бейтап жатат

— Бөлмөлөрдө 30дан ашуун киши жатат. Эч кимди ойготпогула, сураныч, — деди нөөмөттөгү врач Кубан Бейшебаев.

Түнкү саат 3 экенине карабай, бейтаптардын жарымы ойгоо. Бул жакка көбүнесе мастыктын азабынан түшүшөт. Бейтап кызуулугу менен электр зымдарынын туташуусун байкабай, натыйжада үйдөн чыккан өрттүн курмандыгына айланат.

— Кесепети ар кыл. Кышында бизге мастыгы менен электр тогундагы мандемди же өрттү байкабай жабыр тарткандар, ал эми жайкысын жалындан жабыркагандар түшөт. Доктурдун айтымында, электрден чыккан өрттүн курмандыктарынын аман калышы чанда. Андай кырсык ички органдардын иштен чыгышына алып келет.

— Жыл сайын бизге от жагып алып жылынган үй-жайсыз адамдарды алып келишет. Адамдар арак менен отко жылынып, жыйынтыгында күйүк бөлүмүнө оор абалда түшүп калышат.

…Далиске чыкканыбызда бейтап айым колубуздагы фотоаппаратты көрүп, күйүктөн улам жүзүн жаап, тартпоону өтүндү. Таң атарга аз калды, врачтардын айтымында, бул түн тынч өттү...

Жаңылыктар түрмөгү
0