Ошто эки жаш баласын батирге жалгыз таштап кеткен эне 10 күндөн бери жок. Сүрөт

© AFP / TOBIAS SCHWARZБалдар. Архив
Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй ээсинин айтымына караганда, келин дайынсыз жоголгонуна 10 күн болгон.Кыздардын улуусу 4 жашта.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ош шаарында жаш келин эки кызын батирге жалгыз таштап кеткен боюнча дайынсыз. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба УВД города ОшВ Оше мать оставила детей в съемной квартире и не вернулась
Ошто эки жаш баласын батирге жалгыз таштап кеткен эне 10 күндөн бери жок. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
В Оше мать оставила детей в съемной квартире и не вернулась

Билдирмеге караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 29-январда шаарда "Түнкү ѳспүрүм" деген рейд жасашкан.

Рейддин жүрүшүндө Ѳзгѳн кѳчѳсүндѳгү батирлердин биринде кароосуз ташталган эки кичинекей кыз аныкталган.

"Аты-жөнү белгисиз аял №36 үйдүн бир бѳлмѳсүн убактылуу жашап туруу үчүн алган. Өзү менен кошо эки кызы бар болчу. Батирге жайгашкандан бир күн өткөн соң жумушка кеткен боюнча келин кайрылып келген эмес. Үй ээсинин айтымына караганда, келин дайынсыз жоголгонуна 10 күн болгон. Ал кыздардын апасынан аты-жѳнүн, телефондорун толук сурап калууга үлгүргөн эмес. Бул аралыкта балдарга тамак-аш берип багып турган", — деп жазылат маалыматта.

Ташталган кыздардын айтымында, биринин аты Мадина, төрт жашта, ал эми кенжеси Бүбина. Апасынын аты — Хаитхон.

"Кыздардын энеси жумушка деп чыккан убакыттан 2-3 күн өткөндөн кийин үй ээсине байланышка чыгып, балдарын карап турууну өтүнүп, жакында барарын айткан. Бирок айткан убактысында келген эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция балдарды Ош шаарынын балдар үйүнѳ ѳткѳрүп берген. Учурда эки кыздын ата-энесин издөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0