Абылгазиев: Кара-Балта — Балыкчы багыты боюнча электричка курууну көздөп жатабыз

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНа МКЖД началась тестовая обкатка поездов
На МКЖД началась тестовая обкатка поездов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин борбор калаада метробустар линиясын ачуу пландалып жатканы кабарланган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мамлекет туризмдин өнүгүшүн колдоо максатында Кара-Балта — Бишкек — Балыкчы багыты боюнча электричка курууну көздөп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.

"Туристтердин борбор калаадан көгүлтүр Ысык-Көлгө кыйналбай жетип, ыңгайлуу катташы үчүн заманбап электричка курушубуз керек. Жаңы келген транспорт министри менен темир жол боюнча талкуулап, бул тууралуу дагы сүйлөшө баштадык", — деди өкмөт башчы.

Буга чейин борбор калаада катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар линиясын ачуу пландалып жатканын шаар жетекчилигинен билдиришкен

Жаңылыктар түрмөгү
0