ЖК жыйынынан чыгарылган аткаминер канча айлык аларын айтты

© Фото / пресс-служба ЖКЗаседание Жогорку Кенеша
Заседание Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгарылган аткаминер вице-спикер, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров менен депутат Алмазбек Токторов ("Кыргызстан" фракциясы) аны менен байланышып кечирим сурабаганын билдирди.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Көйнөк кийбей келди деп Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгарылган Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысов окуя боюнча комментарий берди.

Ал ден соолугуна байланыштуу жумушуна костюмдун ичинен свитер кийгенин жана Жогорку Кеңешке күтүүсүз жерден барып калганын айтты. 

© Видео / пресс-служба Жогорку КенешаФутболка кийип келдиң деп ЖК залынан чыгарылган аткаминер. Окуянын видеосу
Футболка кийип келдиң деп ЖК залынан чыгарылган аткаминер. Окуянын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Футболка кийип келдиң деп ЖК залынан чыгарылган аткаминер. Окуянын видеосу

"Мен жумушта отурсам, саат 9.30да парламентке баруу керектигин айтышты. Директорубуз ооруп калган экен. Мен саат 10.00дө бардым, бардык текшерүү пункттарынан өткөм, дресс-код боюнча эч ким унчуккан эмес. Ашказаным ооруп жаткандыктан жылуураак кармайын деп свитер кийип алган болчумун", — деди Тынысов.

Ал ошондой эле вице-спикер, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров да, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов да аны менен байланышып кечирим сурабаганын билдирди. Деген менен ал мамлекеттик кызматкер болгондуктан депутаттарга карата өз пикирин ачык айта албай турганын белгиледи.

"Иштеген кызматыма байланыштуу буга карата өзүмдүн пикиримди билдире албайм. Мыйзам жол бербейт. Муну үй-бүлөм, жакындарым кандай кабыл алганын айтуудан да карманам. Бул суроого жооп бербей эле коёюн", — деди аткаминер.

День траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Бекешев Жогорку Кеңешке кирүүдөгү дресс-коддун талабын өзгөртүүнү сунуштады
Мындан сырткары, Тынысов учурдагы жумушунан 16 миң сом айлык аларын кошумчалады. Ал кесиби боюнча бир топ жылдан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап келгенин маалымдады.

Белгилей кетсек, 16-январда Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксуң деп Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда жемелеген. Бакиров аны ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган. Андан соң чакырылгандардын арасында да Тынысовдун аты-жөнү жок экен деп чыгып кетүүсүн талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0