ЖКга футболка кийип келген Билим берүү агенттигинин өкүлү жыйындан куулду. Сүрөт

Жазылуу
Депутаттар аны футболка кийип келдиң деп айыпташты.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов талапка ылайык келбеген кийими үчүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынан чыгарылды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров аны ордунан тургузуп, депутаттардын алдында уяткарган.

Сүрөттөн Тынысовдун футболка, анын үстүнөн пиджак кийип алганын көрүүгө болот.

"Сиз ордуңуздан туруңузчу. Жогорку Кеңештин ичиндеги жүрүм-турум боюнча норма бар. Бул эмне деген нерсе? Жогорку Кеңештин аппараты, эмнеге карабайсыңар? Өкмөттүн аппараты, өкмөттүн өкүлү, бул жер базарбы?" — деп суроо салды.

Чакырылгандардын арасында да Тынысовдун аты-жөнү жок болгондуктан, спикер чыгып кетүүсүн талап кылды. Тынысов ордунан туруп, залдан чыгып кетти.

Айымдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жетекчи экенинен сыр бербеген сулуулар. Өлкөнүн суктанткан 8 ишкер айымы
Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов да жетекчини эмнеге футболка кийип келдиңиз деп сураган. Өз кезегинде орун басар футболка эмес жемпир кийип келгенин айтты. Андан сырткары, жыйынга жетекчиси келмектигин, ал ооруп калгандыктан шашылыш түрдө келүүгө мажбур болгонун билдирген.

Учурда депутаттар "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатышат.

Буга чейин ЖК төрагасы парламентке келген өкмөт өкүлдөрүнүн кийинип келгенин сындаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0