Адам органдарын трансплантациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору артка кайтарылды

© AFP 2023 / Mahmoud ZAYYATДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар бул мыйзам долбоору керек экенин айтып, аны толуктап, айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен комиссияга кайра жөнөттү.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун артка кайтарды.

Белгилей кетсек, бул мыйзамга карата КР президенти каршы пикирин билдирген болчу.

Депутаттар аталган мыйзам долбоору керек экенин айтып, аны толуктап, айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен комиссияга кайра жөнөттү. 67 депутат мындай чечимге макул болсо, бир депутат каршы пикирин билдирди.

Гемодиализ кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматынын сапатын жакшыртат
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бул мыйзам долбоорун аткаруу үчүн Кыргызстанда керектүү лаборатория жок экенин, аны куруп жабдуу үчүн 2,5 миллиондой доллар керектигин кошумчалады.

Бир катар депутаттар эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстанда адам органдарын трансплантациялоого уруксат берилип, анын ичинде жеке клиникалар да бул ишке тартыла турганын айтышты.

Эл өкүлдөрүнүн ырасташынча, Кыргызстандын көптөгөн жарандары жыл сайын чет жакка барып, бөйрөгүн, боорун алмаштырып, ага көп каражат коротулуп жатканын айтышты. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, транслантациялоого муктаж болгон бейтаптар үчүн пайдалуу болмоктугун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0