12:11 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
514 0 0

Кыргызстандагы авиабилеттердин баасы Казакстанга жана Өзбекстанга салыштырганда 39 пайызга, ал эми акчалай алганда – 350 долларга кымбат экендиги белгиленген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган. 

Кабыл алынган мыйзамдын максаты — жарандык авиацияны өнүктүрүү, авиатранспорттук жүргүнчү агымын жана жүк агымын жогорулатуу. Мыйзамда "Ачык асман" долбоору туурасында да кеп болот. Анын алкагында бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муну менен кыргызстандыктар, чет өлкөлүк туристтер үчүн эл аралык аба маршруттарынын жана авиабилеттердин жеткиликтүүлүгү артат. 

"Ачык асман" саясаты киргизилгенде учуулардын географиясы Азиянын, Европанын жана Жакынкы Чыгыштын ортосундагы транзиттин эсебинен кеңейет. Авиабилеттердин баасы 40 пайызга чейин түшөт. Аэропорттордо, аэронавигацияда, чет өлкөлүк жана жергиликтүү авиакомпанияларда, авиакассаларда, ошондой эле мамлекеттик органдарда жаңы жумуш орундар пайда болот", — деп аталат мыйзам долбоорунун негиздеп берген документте.

Кыргызстандын 9 өлкө менен гана аба жол катнашы бар, ал Борбордук Азияда авиациядагы катташуусу абдан төмөн өлкө болуп саналат.

Кыргызстандагы авиабилеттердин баасы Казакстанга жана Өзбекстанга салыштырганда 39 пайызга, ал эми акчалай алганда – 350 долларга кымбат экендиги белгиленген. 

Мыйзам расмий жарыяланган мезгилден он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тема боюнча

Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Белгилер:
мыйзам, Авиация, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ