15:11 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги 2 миллион 280 миң сомго 8 даана көп функционалдуу учуучу аппарат (дрон) сатып алды.

Кыргызстан браконьерлер менен күрөшүү үчүн КМШда жок дрон сатып алды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
Коом
Кыскача шилтеме алуу
259 0 0

Дрон абада 30 мүнөт жүрө алат. Спорттук режимде саатына 72 чакырымды багындырат. Ошондой эле системанын жардамы менен тоскоолдуктарды өз алдынча буйтап өтүүгө жөндөмдүү.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги 2 миллион 280 миң сомго 8 даана көп функционалдуу учуучу аппарат (дрон) сатып алды. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 2018-жылы чыгарылган дрондордун техникалык абалы мыкты. Алардын жардамы менен браконьерлерди аныктоо, зыянкеч курт-кумурскалар менен күрөшүү жана токойдогу өрттү алдын алуу пландалууда.

  • Закуп дроном Государственным агентством охраны окружающей среды и лесного хозяйства КР
    Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги 2 миллион 280 миң сомго 8 даана көп функционалдуу учуучу аппарат (дрон) сатып алды.
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Закуп дроном Государственным агентством охраны окружающей среды и лесного хозяйства КР
    Билдирмеге караганда, 2018-жылы чыгарылган дрондордун техникалык абалы мыкты.
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги 2 миллион 280 миң сомго 8 даана көп функционалдуу учуучу аппарат (дрон) сатып алды.

"UPAIRONEPLUS үлгүсүндөгү квадрокоптер менен WFTO9SII үлгүсүндөгү октокоптер Кытайдан алынды", — деп айтылат маалыматта.

Октокоптер — токойлорду зыяндуу курт-кумурскалардан сактоо үчүн колдонулат. Аппарат 10 килограммга чейинки жүктү көтөрөт. Канаттарынын узундугу 1,5 метрди түзүп, мүнөтүнө 0,4 литр препаратты чачууга жөндөмдүү.

Квадрокоптер — токой чарбаларынын аянтын тартууга, коргоого, өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган. Камералары 4К форматында тартып, ошол эле учурда видео маалыматтарды телефон же планшетке трансляциялайт.

"Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп ушундай дронго ээ болду. Учурда агенттикте 12 даана көп функционалдуу учуучу аппарат бар", — деп маалымат кызматы белгиледи.

Дрон абада 30 мүнөт жүрө алат. Спорттук режимде саатына 72 чакырымды багындырат. Ошондой эле системанын жардамы менен тоскоолдуктарды өз алдынча буйтап өтүүгө жөндөмдүү.

Тема боюнча

Буларды күнүгө көрө бербейбиз. Фотокапканга түшкөн Кыргызстандагы жаныбарлар
Өлкөдө жапайы жаныбарлар көбөйүүдө. Фотокапканга түшкөн сүрөттөр
Белгилер:
дрон, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ