Моргду эми өкмөт тескейби? Экспертиза борборлорун кошуудан чыккан нааразылык

© Sputnik / Гульдана ТаланбековаРеспубликанское патологоанатомическое бюро (морг) в Бишкеке
Республиканское патологоанатомическое бюро (морг) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik маалымат агенттиги Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросуна баш багып, мекеменин ремонт иштери, жабдыктарынын жетишсиздиги жана кадр маселеси тууралуу көйгөйлүү материал жасаганды максат кылган. Бирок жетекчиси Данияр Кошоков азыркы учурдагы "эң негизги көйгөй" бюрону өкмөткө өткөрүп берүү болуп жатканын айтып берди.

Кошоковдун айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы экспертизалык бюрону өкмөттүн карамагына өткөрүү маселеси акыркы эки жылдан бери көтөрүлүп келет. Бул боюнча 2017-жылы 14-июлда өкмөттүн алдында мамлекеттик соттук-экспертизалык кызмат түзүү боюнча токтом долбоору чыккан. Анткен менен ак халатчандар "демилгенин бизге тиешеси жок" деп колдобой турганын билдиришүүдө. 

"2016-жылы укук коргоо органдарындагы кызматтарды реформалоо боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Анда медицина тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Ошонун аркасы менен 2017-жылдан тарта ИИМге жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу экспертизалык жайларды өкмөткө өткөрүп берип, бирдиктүү соттук-медициналык кызмат түзүү боюнча маселе көтөрүлө баштады. Башкача айтканда, биз министрликке баш ийбей калат экенбиз", — деди Кошоков.

Ал белгилегендей, биригүү ишке ашса, укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо тармагындагы экспертиза жасоодогу айырмачылыктар элге терс таасирин тийгизет.

Ички иштер министрлигинин криминалисттик коштоо жана ыкчам анализ талдоо башкармалыгынын лабораториясы - Sputnik Кыргызстан
Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж
"Соттук-медициналык экспертиза менен техникалык экспертизанын айырмасы чоң. Алар бир жылдап жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Биз адам өмүрү чечилип жатканын эске алып 1-2 айдын ичинде даярдап беребиз. Токтом иш жүзүнө ашса, анда убакыт, каражат, экспертиза жасоо жолдорунан уттурабыз, көйгөйлөр жаралат. Мындан тышкары, каражат жагы аксайт. Айлыгыбыз түшөт. Жаңы өлүккана курулуп берилбейт, жабдыктар жаңыланбайт. Адистерди араң кармап отурабыз. Бизге пенсионерлер эле келишет. Кызматкерлер 50, 60 жаштан өткөн адамдар. Дагы 3-4 облуста адис жок. Аз айлык менен эч кимди кармай албайбыз. Иштейм деген жаштар деле калбады. Майда-барат ремонт иштерин өзүбүз жасап жатабыз. Жабдык, шаймандарды жаңылоо үчүн жалпысынан 15-20 миллион сом керектелүүдө. Тендердин өтүшүн күтүп жатабыз", — деди жетекчи.

Ал ошондой эле эки жыл мурда бюродогу экспертизаларды жасап берүү акысы жоюлуп кеткенин, кызматкерлерге андан түшкөн каражаттын 30 пайызы берилип келгенин кошумчалады. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө экспертизалар бекер жасалат.

Аталган көйгөй боюнча министрликке кайрылганыбызда, далилдүү медицина боюнча консультант Бермет Барыктабасова да каршы пикирин билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДалилдүү медицина боюнча консультант Бермет Барыктабасова
Консультант отдела доказательной медицины Минздрава КР Бермет Барыктабасова - Sputnik Кыргызстан
Далилдүү медицина боюнча консультант Бермет Барыктабасова

"Медицина бир стандартта, бир саясатта жана бир идеологияда болушу керек. Медициналык экспертизаны техникалык экспертиза менен бириктирүү акылга сыйбаган нерсе. Көтөрүлүп жаткан демилге боюнча ак халатчандар укук коргоо органдарына да баш ийип калып жатышат. Токтом башка мекемелер үчүн эмес, сот-укуктук реформалардын алкагында судьялар үчүн гана болушу керек. Антпесе медицинанын системасына доо кетет", — дейт Барыктабасова.

Өлүкканадагы сөөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүктүн курттап кетиши кээде жардам берет... Сотмедэксперттин маеги
Адис экспертизалык борборлор өкмөткө өткөрүлүп берилген учурда деле министрликтин ресурсу коройт деген пикирин кошумчалады.

"Сотмедэксперт — даяр маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарган адам. Аны менен гинеколог, травматолог, онколог, нейрохирург жана башка медиктер иштеп жатпайбы. Медициналык эксперттер медицинада гана калтырылышы керек деп ойлойм. Экинчиден, бул нерсенин арты жемкорлукка эле кептейт, "чөнтөк эксперттери" пайда болот", — деди Барыктабасова.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматынын начальниги Бакыт Сеитов учурда өкмөткө экспертизанын төрт түрү өткөрүп берилгени жатканын билдирди. 

© Фото / пресс-службы МВД КРИИМдин маалымат кызматынын начальниги Бакыт Сеитов
Начальник пресс-службы МВД КР Сеитов Бакыт - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин маалымат кызматынын начальниги Бакыт Сеитов

"Бүгүнкү күнгө чейин ИИМдеги эксперттик-криминалисттик борборлор кылмыштуулукка байланыштуу экспертизанын жети түрүн жасап келген. Алар: дактилоскопия, баллистикалык, баңгизаттарды тактоо, кол жазма, трасологиялык, портреттик, техникалык жана учтуу нерселерди аныктоо экспертизасы. Учурда өкмөттүн алдында мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат түзүлүп жаткандыгына байланыштуу ИИМден төрт багыттагы экспертиза жүргүзүү жөнөтүлүп жатат. Алар кол жазма, трасология, портреттик, техникалык жана учтуу нерселерди аныктоо экспертизасы. Ал эми бизге күн сайын керектеле турчу экспертизанын түрлөрүн алып калдык. Ага криминалисттик коштоолор кирет", — деди Сейитов.

ИИМ өкүлү тиешелүү шарттар түзүлүп берилсе, өкмөт алдында биригүү жүйөлүү дейт.

Уулумдун сөөгүнө тийсең, өлтүрөм! Бишкекте динден улам өлүк союу азайып барат - Sputnik Кыргызстан
Уулумдун сөөгүнө тийсең, өлтүрөм! Бишкекте динден улам өлүк союу азайып барат
"Эгер Кыргызстан боюнча бирдиктүү борбор ачып, тиешелүү жабдуулар менен камсыздайбыз десе, каршы эмеспиз. Негизи эле биз тараптан көйгөй жок. ИИМ менен Саламаттык сактоо министрлигиндеги соттук-медициналык экспертизалар бири-бири менен тыгыз байланышта. Мунун бардыгы 2017-жылы талкуу, чогулуштарда такталып, аныкталган. Ушул тапта уюштуруу иштери жүрүп жатканы, демилге быйыл ишке ашышы мүмкүн экени айтылууда", — деди маалымат катчы.

Эки тараптын пикирин уккандан кийин өкмөт алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматтын жетекчиси Акылбек Мусаходжаевге кайрылдык. 

Анын айтымында, экспертизалык кызматтарды бириктирүүнүн артыкчылыктары көп. 

© Фото / сайт Государственной судебно-экспертной службы КРӨкмөт алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматтын жетекчиси Акылбек Мусаходжаев
Председатель Государственной судебно-экспертной службы КР Акылбек Мусаходжаев  - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматтын жетекчиси Акылбек Мусаходжаев

"Өкмөттүн максаты — бирдиктүү эксперттик кызматты түзүү. Планда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык эксперттик бюрону, Психикалык ден соолук борборун жана Наркологиялык борборду, ал эми ИИМден дагы экспертизанын төрт түрүн камтуу болуп жатат. Бардыгы этап менен өткөрүлөт. Бул нерсенин артыкчылыктары көп. Биринчиден, жарандар ар кайсы жакка чуркабай, ишин бир жерден бүтүрө алат. Өкмөттүн каржылоосунда болгондуктан айлык акы көтөрүлүп, тиешелүү жабдуулар алынып, шарт түзүлөт. Келечекте ДНК анализин киргизели деп жатабыз", — дейт Мусаходжаев.

Ал тараптар өз пикирин билдирип жатканын да белгиледи.

Кыргызстанда кылмыш кылгандар кимдер? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кылмышты ким жасайт. Криминал боюнча статистика
"Ооба, каршы пикир айткандар болууда. Башка ведомстволордун түшүнүгүндө биз монополист болуп жатабыз. Президенттин жарлыгында мамлекеттик органдардан бирдиктүү эксперттик кызмат түзүлүшү керек деп айтылган. Бул тараптардын келишими болгондуктан биз көмөкчү гана органбыз, токтомду аткарып жатабыз. Мындай системага Грузия, Эстония, Россия, Кытай жана башка мамлекеттер өткөн. Бул дүйнөлүк практика, замандын талабы", — деди Мусаходжаев.

Ал кошумчалагандай, 2017-жылы 14-июлда өкмөттүн алдындагы бирдиктүү соттук-экспертизалык кызматты түзүү боюнча токтом долбоору бүгүнкү күнгө чейин каралып жатат. Качан ишке ашары азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, өкмөттүн алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызмат 2017-жылга чейин Юстиция министрлигинин карамагында иштеп келген. Анын негизги максаты — соттук-медициналык ишмердүүлүктү уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, адистердин билимин тереңдетүү, укук коргоо органдарына методологиялык жардамдарды берүү болуп эсептелинет

Жаңылыктар түрмөгү
0