БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 31-декабрь күнү борбор калаада бир нече көчө жабыларын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Узап бара жаткан жылдын акыркы күнүндө төмөндөгү тилкелерге чектөө киргизилет:
— Саат 8.00дөн тарта Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин;
— Абдымомунов көчөсү Раззаковдон Орозбеков көчөсүнө чейин;
— Киев көчөсү Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин. Бирок бул тилке автобус жана троллейбустар үчүн гана жабылат.
Абдымомунов жана Киев көчөлөрү саат 17.00дөн тарта майрамдык иш-чаралар аяктаганга чейин жабык болот.