02:32 18 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8493
  • EUR79.5968
  • RUB1.0513
Аэропортто туман. Архивдик сүрөт

Бишкекте учак коюу туман учурунда конду. Жүргүнчү нааразы болууда

© Sputnik / Илья Питалев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1639 0 0

Аба кемеси борбор калаага саат 1.45те конгон.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Оштон учкан самолет Бишкектеги "Манас" аэропортуна коюу туман учурунда конгон. Учактын ичинен тартылган сүрөт Facebook социалдык тармагындагы популярдуу группалардын бирине жарыяланды.

Маалыматтын автору Aviatraffic компаниясынын учагы аба ырайына байланыштуу үч саат мурун учактарды артка кайтарганына карабастан Бишкекке конгонун белгилеген.

Ал ошондой эле экипажга ыраазычылык билдирип, конууга уруксат бергендерди сындаган.

"2017-жылдын январь айында тумандын айынан "Манас" аэропортунун жанынан учак кырсыктаган. Ошол эле туман бүгүн дагы жүздөгөн адамдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн эле. Башка учактарга конууга тыюу салынганы менен эмнегедир биздин самолетко уруксат берилип калган", — деп жазды автор.

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы экипажга учуп-конуу боюнча тийиштүү маалыматтын бардыгын (шамалдын ылдамдыгы, абанын температурасы, учуп-конуу тилкесине дөңгөлөктөрдүн тийишүү коэффициенти) "Кыргызаэронавигация" берерин билдирди.

"Учактын командири жогорудагы маалыматтарды алгандан кийин учуу же конуу боюнча чечимди өзү кабыл алат. Бул аэропорттон көз каранды эмес", — дешти аэропорттон.

Учак Бишкекке саат 1.45те конгон.

Аэропорттон белгилешкендей, көрүү аралыгы 300 метрден кем эмес болгон. Эгер көрүү аралыгы аталган нормадан аз болсо, анда конууга уруксат берилбейт.

Ал эми Aviatraffic компаниясы көрүү аралыгы нормалдуу болгону үчүн командир конуу чечимин чыгарганын билдиришти.

Тема боюнча

Бриллиант менен шөкөттөлгөн учак элдин кыжырын кайнатты
Учкучтар нөшөргө карабай учакты жерге кондурушту. Видео
Белгилер:
учак, туман, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ