00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где сдать анализы и зачем нужна прививка: гид по туберкулёзу к 24 марта
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
КРда ажырашуулардын рекорддук көрсөткүчү: никенин бузулушу экономиканы кандай кыйынчылыкка кептейт?
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
+24% дел о насилии в КР: почему женщины перестали терпеть и начали заявлять
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Энергетическая ловушка: почему дешевый свет обходится Кыргызстану слишком дорого
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абылгазиев: балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катуу чара көрүлсүн

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жети-Өгүздө 1,5 жаштагы наристе таякталып, чарчап калганы маалымдалган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата зомбулукту алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Өкмөт башчы компетенттүү мамлекеттик органдарга зомбулукту алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды.

"Биринчи кезекте үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү, үй-бүлөлүк мамиледеги руханий салттардын сакталышы, ошондой эле балдардын укугун жана кызыкчылыктарын камсыздоо маселеси боюнча калктын маалыматын жогорулатуу боюнча ишти жүргүзүү маанилүү. Алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, орун алган фактыларга ыкчам жооп кайтаруу керек. Ошондой эле мындай кылмыштарга барган жактардын гана эмес, компетенттүү органдардын тийиштүү кызматкерлеринин, анын ичинде укук коргоо органдарынын аракетсиздиги жана жоопкер мамилеси үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдатуу зарыл", — деди премьер.

Премьер-министр райондук штабдардын ишин жандандырууну жана аларды шаар мэрлери менен райондук администрация башчыларынын көзөмөлгө алуусун тапшырды.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чарчап калган наристе. Энеси курбусуна арыз жазуудан баш тартты
"Алар укук коргоо органдары, социалдык мекемелер жана калк менен активдүү иш алып баруусу тийиш. Алардын ишин так координациялап, калк менен иш алып баруусун активдештирүү зарыл. Токтоосуз түрдө үймө-үй кыдырууларды уюштуруп, туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын маалыматтык базасын түзүү керек", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле укук коргоо органдарына балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча акыркы фактыларды тыкыр иликтеп чыгууну жана күнөөлүү жактарга мыйзам алкагында катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук ооруканасына денесинде көгала тактары бар наристе түшкөнү маалымдалган. Бир нече убактан кийин бала эсине келбей реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Суракка алынган 40 жаштагы аял баланы ага сиңдиси таштап кеткенин айткан. Ал ошондой эле наристе шымына сийип койгону үчүн чыбык менен чаап, чымчып койгонун моюндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0