Бишкекте ар кыл диндин өкүлдөрү ийри отуруп, түз кеңешет

Жазылуу
Бул иш-чара диндер аралык платформа түзүүдө диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу максатын да көздөмөкчү.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстандагы диний уюмдардын ортосундагы толеранттуулуктуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган "Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог" деп аталган конференция өтөт. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.

II международная конференция Ислам в современном светском государстве - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: исламды жамынып алып, өз маданиятын киргизүүнү көздөгөндөр бар
Анда диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо, коомдогу туруктуулукту, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө максаты көздөлгөн. Дин комиссиясы бул иш-чара менен диндер аралык платформа түзүүдө диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатууга басым жасаган.

Маалыматта конференциянын жыйынтыгы менен конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган өз алдынча "Кыргызстандагы конфессиялар аралык кеңешме" түзүлөрү айтылган.

Аталган иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0