21:49 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
86 0 0

Август айындагы маалымат боюнча 1,5 миң бала иштеп жүргөндүктөн мектепке барбай жүргөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстан боюнча эки миңге жакын бала мектепке барбай турганын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маалыматтар август айында алынган. Ошол 2 миңге жакын баланын 1,5 миңи иштеп жүргөндүктөн мектепке барчу эмес.

Эл өкүлү Аида Касымалиева бүгүнкү күндө канча бала интернатта тарбиялана турганын сурады.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын билдиришинче, өлкөдө 14 атайын интернат бар.

"Бул билим берүү жайларында 2 165 бала бар. Дагы төрт атайын мектепте 834 бала тарбияланат. Жалпысынан алганда 2 999 бала бар", — деди министр.

Өз кезегинде Касымалиева Улуттук статистика комитетинин берген маалыматы боюнча эмгекке тартылган балдардын саны расмий түрдө 580 560 бала экенин, анын 70 пайызы жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары жана алар оор жумуштарда иштей турганын белгиледи.

"Өзүңүз айткандай, мектепке барбаган балдардын орточо саны 2 миң. Ал эми интернаттарда жалпысынан 11 миң бала бар. Булардын бардыгы Улуттук статистика комитетинин маалыматы", — деди депутат.

Вице-премьер Өмүрбекова мектепке барбаган балдардын тизмесин аныктоо иштери дагы деле улантылып, балдарды мектепке кайтаруу боюнча иштер жасалып жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Бишкек: мектеп окуучулары жетим балдар үйүнө барып белек тартуулашты
Абдылдаева: сабакка барбай жүргөн 1500 баланы окууга тарттык
Белгилер:
жумуш, балдар, Алтынай Өмүрбекова, Аида Касымалиева, Гүлмира Кудайбердиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ