Беш жашында көрбөй калган. Депутат Дастан Бекешев тууралуу 6 факты

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин туулган күнү. Мындан сегиз жыл мурун парламенттин V чакырылышынын депутаты болгондо ал 26 гана жашта эле.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам чыгаруучунун туулган күнүнө карата кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Шаарда өткөн балалык. Дастан Бекешев 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Болочоктогу саясатчы жайкы каникулун Сокулук районуна караштуу айылдардын биринде аталаш байкесинин үйүндө өткөрчү. Төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон депутаттын балалыгы башкалардан эч айырмасы жок эле. Кадимки жаш балдардай эле мушташып, көчөдө футбол, чүкө ойноп чоңойгон. Бала кезинде тентек болуп, көп бейбаштык кылчу. Ата-энеси жөнөкөй кишилер болгон. Апасы почтада иштесе, атасы ар кандай жумуштарды аркалап, 1990-жылдары коммерция менен алек болуп, андан соң сантехник да болуп эмгектенген.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков35 жашка чыккан Дастан Бекешев Жогорку кеңештин эки чакырылышынан депутаты. Парламенттин босогосун алгач аттаганда ал болгону 26 жашта болчу.
Депутат Дастан Бекешев  - Sputnik Кыргызстан
35 жашка чыккан Дастан Бекешев Жогорку кеңештин эки чакырылышынан депутаты. Парламенттин босогосун алгач аттаганда ал болгону 26 жашта болчу.

Көзү беш жашында таптакыр көрбөй калган. Бекешевдин көзү төрөлгөндөн баштап эле начар көрчү. Мындан улам бир жана беш жашында эки жолу операция болгон. Москва шаарында өткөн акыркы операциясы начар жасалган. Андан соң эки көзү таптакыр көрбөй калган. Андыктан билим алуусун Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатында баштап, аны 2001-жылы бүтүргөн.

Жаш кезинен саясатка кызыкчу. Депутат 10-класста окуп жаткан кезинен баштап келечекте саясатка аралашуу максатын койгон. Өзүндөй мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүү тилеги анын мындай чечимге келүүсүнө чоң түрткү болгон. Саясий жаңылыктарды көп окуп, Жогорку Кеңештин, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын ишмердигин ар дайым кызыгуу менен укчу. Максатын орундатуу үчүн жогорку окуу жайды да ушул тармак боюнча тандайт. Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, аны 2006-жылы бүтүрөт.

© Фото / пресс-служба ЖКБекешевдин жашоосунда шахматтын да орду чоң. Ал спорттун бул жааты боюнча спорт чеберине талапкер. Депутат бош убактысында компьютер менен, же болбосо башка шахматчылар менен ойнойт.
Депутат ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Бекешевдин жашоосунда шахматтын да орду чоң. Ал спорттун бул жааты боюнча спорт чеберине талапкер. Депутат бош убактысында компьютер менен, же болбосо башка шахматчылар менен ойнойт.

26 жаштагы депутат. Дастан Бекешев 2010-жылы "Ар-Намыс" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланганда болгону 26 жашта эле. Эл өкүлү болгонго чейин үч жыл мамлекеттик кызматта иштеген. Алгач Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук башкармалыгында укук маселелер боюнча башкы адис, андан соң Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинде Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында эмгектенген.

Альфа Телеком (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалган Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкүл атасы аэропортту, өз атасы арак заводду башкарган. Жамангулов жөнүндө 8 факты
2015-жылы да КСДП партиясынын катарынан шайлоого катышып, экинчи жолу депутаттыка келет.

Саны эмес, сапаты маанилүү мыйзамдар. Дастан Бекешев депутаттык ишмердигинде бир топ белгилүү мыйзамдарга автордук кылган. Бирок ал мыйзамдын санына эмес, сапатына маани берет.

"Мен жазгандардын арасында коомго пайдасы тийди деп эсептеген бир топ мыйзамдар бар. Алар – административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр. Мисалы, камакка алууну 15 суткадан бешке түшүргөнбүз. Коомдук жумуш боюнча өзгөртүүлөр кирип, бейбаштык кылган жарандар коомдук жумушта иштешет. Мындай мурун болгон эмес, бул эффективдүү чечим деп ойлойм. Салык кодексинде чендиктерди (ставка), тамекиге акциз салыктарды көтөрдүк. Мындан улам беш жыл мурун 800 миллион сом тапсак, азыр 5 миллиардга чейин киреше түшүп жатат. Электрондук кайрылуу боюнча мыйзам да пайдасын көрсөтүп жатат. Жөнөкөй жарандардын бийликке кайрылуусу оңой жана түз болуп калды. Азыр өкмөт да, депутаттар да ошонун негизинде иштеп жатышат", — деди эл өкүлү.

© Фото / пресс-служба ЖКДастан Бекешев социалдык тармактарды активдүү колдонгон саясатчылардын катарын толуктайт. Депутаттын айтымында, соцтармактар идеяларын шайлоочуларга жеткирүү жагынан чоң жардам берет.
Депутат ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев социалдык тармактарды активдүү колдонгон саясатчылардын катарын толуктайт. Депутаттын айтымында, соцтармактар идеяларын шайлоочуларга жеткирүү жагынан чоң жардам берет.

Үлгү болгон депутат. Дастан Бекешев социалдык тармактарды активдүү колдонгон саясатчылардын катарын толуктайт. Депутаттын айтымында, соцтармактар идеяларын шайлоочуларга жеткирүү жагынан чоң жардам берет. Өзүн баарына ачык депутат катары эсептеген саясатчы кат жазган же пикирин билдирген ар бир жаранга жооп берүүгө аракет кылат. Бекешев күнүмдүк жашоосу тууралуу да окурмандары менен байма-бай бөлүшүп турат. Ал депутаттар жарандарга үлгү болушу керек деп эсептейт.

Матч Кыргызстан — Индия в рамках отбора на Чемпионат Азии — 2019 - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз командасын гүлдөткөн машыктыруучу Александр Крестинин тууралуу 5 факты
"Социалдык тармактарга окуган китептерим, машыкканым, чуркаганым, сууда сүзгөнүм тууралуу жазып турам. Аны мактаныш үчүн эмес, башкалар үлгү алсын деп жазам. Көзү көрбөсө да бассейнге барат, велосипед тебет деп өздөрү да ошого аракет кылса деген гана тилегим", – деди эл өкүлү.

Бүлөсү. Дастан Бекешев үй-бүлөлүү, жубайы экөөнүн 5,5 жаштагы кызы бар. Бош убактысында китеп окуганды жактырат. Бир айда алты-жети китеп окуп бүтүрөт. Ошондой эле Бекешевдин жашоосунда шахматтын да орду чоң. Ал спорттун бул жааты боюнча спорт чеберине талапкер. Депутат бош убактысында компьютер менен, же болбосо башка шахматчылар менен ойнойт. Ал шахмат логикалык жактан ой-жүгүртүүгө чоң жардам берет деп эсептейт. Жогорку Кеңештин жана Экономика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0