Мамкызматта иштегендерге компьютерден чыккан зыяндуулук үчүн акча төлөнөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота за компьютером
Работа за компьютером - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат бул акча бир катар министрликтердин гана кызматкерлерине төлөнүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кээ бир министрликтер компьютерден чыккан зыяндуулук үчүн деп кызматкерлерине 15-20 пайыздай кошумча акча төлөп берерин айтып, аларга кайсы токтомдун негизинде каражат төлөнүп жатканына кызыкты.

Учурда депутаттар 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.

Өз кезегинде премьер Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча өкмөттүн токтому бар экенин, бирок ал качан чыкканын тактоо керектигин айтты. 

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

"Азыр Улуттук статистика комтетинин жетекчиси зыяндуулук боюнча өкмөттүн токтому аткарылбайт, кызматкерлер эртең менен кечке чейин компьютерде отурат, ошолорго төлөп бериш керек деп келип жатат. Аларга нормага карап төлөп керек", — деди ал.

Эл өкүлү Дастан Бекешев анда окуучуларга да төлөө керектигин, алар мектепте да, үйдө да компьютерде отурарын айтты. Андан сырткары, офисте иштегендер да алышы керектигин белгиледи. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭл өкүлү Дастан Бекешев
Депутат от фракции СДПК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Дастан Бекешев

"Бул акчаны айрым министрликтер алат, кээси албайт. Же таптакыр жоюш керек, же баарына бериш керек", — деди депутат.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов компьютерден чыккан зыяндуулук үчүн төлөнө турчу каражаттын тартиби бар экенин айтты. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов

"8 саат бою компьютерде отуруп иштеген кызматкерлер бар. Саниэпидемстанциядан атайын адистер зыяндуулуктун пайыздык катышын чыгарып берет. Кызматкерлер отурган саатына жана компьютерден чыккан зыяндуулуктун өлчөмүнө жараша алат", — деди Боронов.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айкөл Турганбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турганбаева: 9 айда 61 997 ымыркайга сүйүнчү пул чегерилди
Бекешев компьютерде көп отурган кызматкер кантип текшерилерин сурады.

Бороновдун ырасташынча ар бир кызматкердин милдети жана кандай иштерди аткара турганы белгилүү, демек акча ошого жараша төлөнөт. Бул каражат бардык эле кызматкерлерге төлөнө бербейт, аны атайын комиссия аныктайт.

Өз кезегинде Бекешев бул практиканы жоюп, бериле турчу акчаны айлыкка кошуп берүү жагын караштырууну сунуштады.

Өкмөт башчы бул маселени карап туруп жооп берерин айтып ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0