Бишкектеги Киев жана Москва көчөлөрүнүн атын өзгөртүү сунушталды

Жазылуу
Депутат борбор калаадагы негизги жолго Манас менен Чыңгыз Айтматовдун аты бөлүнүп берилгенине нааразы болду.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөгө Бишкек шаарынын бийлиги эч кандай көңүл бурбай жатканын айтты.

Парламентирийлер ар кандай маселелерди карап жатат.

Момбеков маараке чет жакта жакшы өтүп, ага олуттуу маани берилип жатканына токтолду. Мисал катары, Айтматовдун аты Ташкенттеги, Анкарадагы жана Астанадагы көчөгө берилгенин, андан сырткары, Минск менен Москва шаарларындагы скверлерге ыйгарылганын айтты.

"Бизде эмне болду? Бишкектин билинбеген иши менен илинбеген бийлиги билмексенге салып койду. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкекте бир дагы иш-чара өткөн жок. Бул уят нерсе. Мына, Бишкек шаарынын чок ортосунда Манас атабыз менен Чыңгыз атабыздын айкелдери турат. Бирок ушул эки даңазалуу кишиге, тарыхый инсанга бир көчөнү бөлүп берип койдук. Белинский көчөсүнүн жарымы Манас, жарымы Айтматов. Эмне булар чолокпу? Бул чоркок саясат. Эми ушуну мэрия карап койбойт беле. Манаска мораторийдин эмне кереги бар. "Манас" аэропортунан түшкөн конок Манас проспектиси менен "Ала-Арча" резиденциясына барса жаманбы", — деди депутат.

Таблички с неправильным сокращением названия улиц в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Ш.Баатыр", "Б.Баатыр" көчөлөрү. Мэрия баатырлардын атын кырка чапканда
Ал ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарына сунуш айтып, Белинский көчөсүн толугу мене Манас проспектиси деп атоо акылга сыйган иш болорун белгиледи. Ал эми Айтматовдун айкели Киев көчөсүндө турганын эске алуу менен бул көчөнү Айтматов деп атаса артыкбаш болбой турганын кошумчалады.

Андан сырткары, Москва көчөсүн Турдакун Усубалиевдин атынан атаса болоруна токтолуп, "качанкыга чейин башкаларды карап отурушубуз керек?" — деди эл өкүлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0