01:27 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Борбор калаадагы мурдагы Нарын рестораны. Архивдик сүрөт

Мурдагы "Нарын" ресторанынын орду дагы деле бош турат. Себеби айтылды

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
292 0 0

Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы белгилүү ресторан бир жыл мурун толугу менен түрттүрүлгөн.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы мурдагы "Нарын" рестораны жайгашкан жерге сквер курулмак, бирок иш токтоп турат. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда муниципалдык ишкана ал жерге ээлик кылган тараптар менен байланыша албай жатат.

"Бул маселе азыркыга чейин чечилбей келет. Себеби ресторан турган жердин ээлери байланышка чыкпай жатат. Ошондуктан алар менен тилкени башка аянтка алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек", — деп ишканадан билдиришти.

Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы белгилүү ресторан бир жыл мурун түрттүрүлгөн. Ага ээлик кылгандар 20 кабат мейманкана курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Ал эми калаа бийлиги ал жерге сквер салууну сунуштап жатат.

Эске сала кетсек, мэрия эки жыл мурун "Нарын" рестораны архитектуралык эстелик макамын жоготкондугу боюнча токтом чыгарган. Андан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да аны түрттүрүүгө уруксат берген.

Тема боюнча

Кыргызстанда ири дарыканаларга кимдер ээлик кылып, канча салык төлөйт?
Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары көп кабаттуу үйдүн курулушуна каршы чыкты
Белгилер:
жер, курулуш, ресторан, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ