Депутат: Жалал-Абадда ЖАМК кызматкерлери мамлекет берген үйдө жашай албай жатат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДом под заселение по программе реновации в Москве
Дом под заселение по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймакта ЖАМК кызматкерлери үчүн эки турак жай курулуп пайдаланууга берилген.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Депутат Улан Примов Жалал-Абад шаарында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында эмгектенгендер мамлекеттен алган үйлөрүндө жашай албай жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Анын билдиришинче турак жайлар аба майдандын жер тилкесине мыйзамсыз курулуп калган деп пайдаланууга тыюу салынган.

"Мамлекеттен алган үйлөрүндө жашоого мүмкүн болбой жатыптыр. Транспорт жана жолдор министрлиги турак жайлар аба майданга караштуу жерге курулган, мыйзам бузуу болгон деп пайдаланууга уруксат бербегенин айтышат. Деген менен бул жерде күнөөлүү аныкталган эмес, бүгүнкү күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. Курууга ким уруксат берген? Эгер мыйзамдуу болсо эмнеге уруксат бербей жатат? Курулуп бүткөнчө карап туруп, анан ушундай кылышууда", — деди депутат.

Примов бул боюнча өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, тиешелүү органдарга карап чыгып күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0