Жээнбеков: "Ысык-Көл форуму" мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган

Жазылуу
Аталган форум 4-7-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөт.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Ысык-Көл" форумунун жана анын түзүүдө Чыңгыз Айтматовдун ордун баса белгиледи. Өлкө башчы Бишкекте өтүп жаткан "Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары" Ысык-Көл эл аралык форумунда сөз сүйлөдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 4-7-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өтөт.

Преиздент өз сөзүндө 1986-жылы дал ушул жерде, дүйнөнүн көрүнүктүү 17 интеллектуалы глобалдык цивилизациянын ошол учурдагы көйгөйлөрүн жана келечектеги тобокелчиликтерин талкуулоо үчүн чогулганын белгиледи.

"Алар адамзаттын аң-сезими саясаттын туткунунда калып, ой жүгүртүүсү ядролук коркунучка кептелгенин, жер шарында адамдардын чогуу жашоо мүмкүнчүлүгү кризиске кабылганын сезишкен. Ушул улуу инсандар дүйнөлүк кырдаал үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти өздөрүнө алып, андан чыгуу жолун маданияттан издешкен. Кыргыз элинин даанышман уулу Чыңгыз айтматов демилгелеген "Ысык-Көл форуму" дүйнөлүк аренадагы түзүлгөн ошол мезгилдин чакырыктарына жаңычыл жооп сунуштаган. Маселени чечүү жолдору — экономикада, технологияда же саясатта эмес, адамдардын аң-сезимин өзгөртүүдө экенин ырастаган. Цивилизациялык, улуттук айырмачылыктарына карабай, бирдиктүү аракеттенүү жана жаңычыл ойлонуу менен гана адамзат өзүн сактап каларын тастыктаган", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле Чыңгыз Айтматов глобалдуу проблемаларды талкуулоодо Борбор Азия абдан ыңгайлуу экенин белгилегенине, тарыхтын ар кайсы мезгилинде Борбордук Азияда рим, түрк, иран, грек, араб, кытай цивилизациялары жайылганына токтолду.

Ысык-Көл форуму. 1986 жыл - Sputnik Кыргызстан
Айтматов салып кеткен чыйыр. "Ысык-Көл форуму" тууралуу 10 факты
"Бул территория фанатизм эмес, эркин ой жүгүртүүнүн мейкиндиги болгон. Орто Азия элдеринин менталитетинде көчмөндөрдүн улуу көчүнүн изи калган, сенек болбой, түбөлүк кыймылдын деми сезилип турат", — деди президент.

Жээнбеков ошондой эле бул жолку "Ысык-Көл форуму" Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, учурдагы заман коогалаңдарын талкуулоо үчүн улуу инсандын асыл мурастарына кайрыла турганын айтты. Андан сырткары, Чыңгыз Айтматовду түйшөлткөн көйгөйлөргө үндөш жаңы глобалдуу чакырыктар жаралганын кошумчалады.

Аталган форумдун Бишкектеги бөлүгү КР президентинин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп, иш-чаранын башталышында Чыңгыз Айтматов тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Жыйындын башында сөз сүйлөгөн вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын билдиришинче форумга 25 мамлекеттен 150дөн ашык киши келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0