20:50 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваенын архивдик сүрөтү

Министр: туура эмес саясаттын айынын мектептер таңууланган жерге салынган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
120 0 0

Жалпы өлкө боюнча 993 мектеп жаңы имаратка же капиталдык оңдоого муктаж экени аныкталган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева муктаж аймакка салынчу мектептер таңууланган кызыкчылыктардан улам башка жерлерге салынып калганын маалымат жыйында айтты.

Министр өз сөзүндө атайын жумушчу топтун былтыр чыгарган жыйынтыгына ылайык, жалпы өлкө аймагында 993 мектеп жаңы имаратка же капиталдык оңдоого муктаж экени аныкталганын билдирди. Ошондой эле Элвира Сариева министр болуп турганда ЮНИСЕФтин колдоосу менен иликтөө өтүп, Кыргызстандагы мектептердин 80 пайызы жаңы курулушка муктаж деген жыйынтык чыкканын кошумчалады.

"Акыркы беш жылда 282 мектеп курулган экен. 2010-2011-жылдары бир жылда 10-15 гана жаңы мектеп курулган. Мектеп маселеси дагы деле болсо көйгөй бойдон калууда. Көп жылдан бери курулуш маселесинде туура саясат жүрбөй, мектептер муктаж жерге эмес, кызыкчылыктар таңууланган жерлерге салынган. Курулганда дагы ашар жолу менен жүрүп, азыркыдай кырдаалга келдик", — деди Кудайбердиева.

Министр, андан сырткары, жыл сайын 50дөн 70-80ге чейин жаңы мектептер ишке киргизилип жатканын, быйыл 1-сентябрга карата 31 объект ишке кирсе, анын 29у жаңы салынган мектеп экенин айтты. Курулуш агенттигинин маалыматы боюнча жылдын аягына чейин 70тен ашык жаңы объект дагы куруларын кошумчалады.

Тема боюнча

Кудайбердиева Гүлмира Каримовна. Өмүр баяны
Исакова: Бишкекте 2020-жылга чейин сегиз мектеп курулат
Кудайбердиева: Бишкекте мектепке кирүү үчүн электрондук кезекке туруу керек болот
Белгилер:
курулуш, мектеп, Гүлмира Кудайбердиева, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ