Көчмөндөр оюну учурунда коомдук тартипке канча милиционер көз салат?

Жазылуу
Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда тогуз блокпост күнү-түнү иштейт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы милиция кызматкерлери күжүрмөн даярдыкка өткөнүн ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна карата Ысык-Көлгө кетчү жолго 11 күн чектөө коюлат. Карта
Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары учурунда алты миңден ашык милиционер коомдук тартипке көз салат.

2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда тогуз блокпост күнү-түнү иштеп, айдоочуларга жолду көрсөтүп турат.

Андан сырткары, чет элдик конокторго жана жекргиликтүү элге кеп-кеңеш берүү үчүн 1262 линиясы үч тилде иштеп баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0