Эртеңки Курман айт намазынын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айт 21-августка белгиленген.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Курман айт намазы 21-август күнү Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат. Намазга чогулуу таңкы саат 06:30да башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Айт намаздын программасы төмөнкүчө:

06:30-07:15 — дин аалымдарынын баяндамалары;

07:15-07:35 — муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;

07:35-07:45 — өкмөттүн куттуктоосу;

07:45 — айт намаз.

Курман айт күнү Бишкектин кайсы көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилерин Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0