Балдарымдан коркуп Кытайдан кайтып келдим. Айылын көтөргөн жигиттин маеги

© Sputnik / Максат ЭлебесовИсполнительный директор ОО "Тосор Коому" Тыныбек Жукешов
Исполнительный директор ОО Тосор Коому Тыныбек Жукешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймактарында көйгөйлөр арбын, бир айыл таза сууга жетпей келсе, дагы бири көп жылдан бери жаңы мектеп, бала бакча, жолго муктаж.

Кытайда узак убакыттан бери иштеп келген Тыныбек Жукешов айылдаштары менен чогуу кичи мекениндеги бир топ маселелерди чечүүгө бел байлап, алгачкы жыйынтыктары менен бөлүшүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеке ишкер менен маек курду.

— Жасаган иштериңер жөнүндө көпчүлүк биле башташты. Демилге канчантан баштап ишке аша баштады?

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Аким Данир Иманалиев: азыр коом мурдагыдай болуп акимге алданып отуруп калбайт
— Чет жерде иштеп жүргөндө айыл жерине кантип жардам бере алабыз деп ойлонуп жүргөнбүз. Кытайдын Гуанчжоу шаарында Жети-Өгүз районунун Тосор айылынан чыккан төрт атанын балдары чогулуп сүйлөшүп отуруп калдык. Себеби биздин айыл негизинен төрт атадан тараган эле тургундарбыз. Кеңешип коомдук уюм ачууну чечип, өзүбүз туулуп-өскөн айылга жардам берүүнүн аракеттерин көрө баштадык. Ошентип уюмду ачканыбызга төрт жыл болуп барат. Бул убакыт аралыгында элет жериндеги социалдык маселелерди чечүүгө жардамдаштык. Айылдан шаарга иштеп кеткендердин башын бириктирип мектептин алты классын толугу менен жасап, 150 орундуу бала бакчаны колдонууга бердик. Ошондой эле айылдык жаштар менен тургундардын колдоосунун аркасында туризм багыты боюнча "Алтын жээк" фестивалын баштаганбыз. Жергиликтүүлөр менен көлгө түшчү жерди толук жасап чыктык. Футбол, волейбол ойногон, тамактанган жай жана көлдүн жээгинде амфитеатр курдук. Мунун баары эс алуучулар менен айылдыктардын ыңгайлуулугу үчүн жасалды.

— Негизинен социалдык маселелерге басым жасап жаткан экенсиңер да. Дагы кандай пландарды ишке ашыруу алдында турасыңар?

— Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык фондусу менен биргеликте миграция боюнча сынамык долбоор баштап, айылга кеңсе ачтык. Социалдык абалы начар адамдарга жумуш орундарын ачып берүү үчүн компьютердик класс жана тигүүчү цех ишке берилди. Эми наабайкана ачкан турабыз. Андан сырткары, азыр биздин райондо көп өскөн өрүктү экспорттоо үчүн логистикалык борбор ачуу боюнча иш алпаруудабыз.

© Фото / Кенжебек ИсмаиловЖети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулундары курган жаңы бала бакча
Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулундары курган жаңы бала бакча - Sputnik Кыргызстан
1/6
Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулундары курган жаңы бала бакча
© Фото / Кенжебек ИсмаиловКалктын демилгеси менен салынган 150 орундуу бала бакча
Калктын демилгеси менен салынган 150 орундуу бала бакча - Sputnik Кыргызстан
2/6
Калктын демилгеси менен салынган 150 орундуу бала бакча
© Фото / Кенжебек ИсмаиловЭлеттиктер көлдүн жээгине футбол, волейбол ойногон аянтча жана амфитеатр курган
Элеттиктер көлдүн жээгине футбол, волейбол ойногон аянтча жана амфитеатр курган - Sputnik Кыргызстан
3/6
Элеттиктер көлдүн жээгине футбол, волейбол ойногон аянтча жана амфитеатр курган
© Фото / Кенжебек ИсмаиловТыныбек Жукешов: айылыбызга үч жылда 15 миллион сом сарптадык
Тыныбек Жукешов: айылыбызга үч жылда 15 миллион сом сарптадык - Sputnik Кыргызстан
4/6
Тыныбек Жукешов: айылыбызга үч жылда 15 миллион сом сарптадык
© Фото / Кенжебек ИсмаиловЖанек баатырдын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын даярдыгы
Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын даярдыгы - Sputnik Кыргызстан
5/6
Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын даярдыгы
© Фото / Кенжебек ИсмаиловЖети-Өгүз районунда жыл сайын өтчү өрүк фестивалы
Жети-Өгүз районунда жыл сайын өтчү өрүк фестивалы - Sputnik Кыргызстан
6/6
Жети-Өгүз районунда жыл сайын өтчү өрүк фестивалы
1/6
Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын кулундары курган жаңы бала бакча
2/6
Калктын демилгеси менен салынган 150 орундуу бала бакча
3/6
Элеттиктер көлдүн жээгине футбол, волейбол ойногон аянтча жана амфитеатр курган
4/6
Тыныбек Жукешов: айылыбызга үч жылда 15 миллион сом сарптадык
5/6
Жанек баатырдын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын даярдыгы
6/6
Жети-Өгүз районунда жыл сайын өтчү өрүк фестивалы

— Негизи элеттеги маселелерди ошол айылдын кулундары эле чечип кое алат экен да?

Лонгрид: Тамак-ашты коңшу өлкөдөн сатып алам. Акаев негиздеген айылдын азыркы абалы - Sputnik Кыргызстан
Каралбай калган үйлөр 20 миң доллар турат. Акаев түптөгөн айылдын азаптуу тагдыры
— Болот. Республика аймагында өзүн-өзү толук камсыздай албаган айылдар көп. Анан жөн эле мамлекет жардам берет деп отура берсе жыйынтык чыкпайт. Ошондуктан биз ар бир айылга коомдук уюмдарды түзүүнү сунуш кылып жатабыз. Анткени ошол уюмдун аркасында эл менен биргеликте элеттеги көп маселерди кур сөз менен эмес, иш жүзүндө бүтүрсө болот. Мисалы, биздин айылдыктардын эле 22 компаниясы бар экен. Аларга жардамын аябай кол сунуп жатышат. Мисалы, жаштарды сергек жашоого үндөө үчүн айыл жерине спорт зал ачып, ага атайын дзюдо боюнча машыктыруучу алып келип айлыгын төлөп берүүдөбүз. Буюрса, болочоктогу чемпиондорду тарбиялап жатабыз, алар келечекте өлкө намысын коргошот. Ынтымакташып, кеткен каражатты атайын комиссия менен текшерип биргеликте иштесе эле көп жумуш бүтүрсө болот. Кудай буюрса, ушул жылдын эсебинен маданият үйүн оңдоп, тратуарларды салып, бардык көчөлөрдү жарыктандыралы деп жатабыз. Ошентип жыл соңунда "үлгүлүү айыл" деген сынагына катышалы деген оюбуз бар.

— Айылдаштар менен коомдук уюм ачканыңызга үч жылдан ашып калыптыр. Бул убакыт аралыгында канча акча сарптадыңар?

— Болжолдуу 15 миллион сомдой салыптырбыз. Өзгөчө Кытай, Россия, АКШ, Түркияда өз ордун таап иштеген айылдаштар өз жардамын аяган жок. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовТыныбек Жукешов: биздин айылдыктардын эле 22 компаниясы бар
Исполнительный директор ОО Тосор Коому Тыныбек Жукешов - Sputnik Кыргызстан
Тыныбек Жукешов: биздин айылдыктардын эле 22 компаниясы бар

— Иште бут тосуулар болот бекен?

— Албетте, мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбайт экен. Биздин ишти туура кабыл алгандар мене бирге эле түшүнбөгөндөр да бар. Бирок коомдук иш ошондой болот экен.

— Чет жакта да көп жүрүп калган экенсиз. Мекенге кантип кайтып келдиңиз?

— 2000-жылдардын башына Кытайга кеттим, ал жакта үй-бүлөм менен 10 жылдан ашык жашап иштеп жүрдүм. Пекинде туугандарым бар болчу, ошолор аркылуу баргам. Ага чейин мамлекеттик кызматта иштечүмүн. Эч нерседен кабарым жок баргам. Көрсө, ал өлкө ошол учурда эле катуу өнүгүп жаткан экен. Кытайча сүйлөп калам деп түк ойлогон эмесмин. Ал жерде кесибим боюнча логистика багытында иш алып барып, эки жылда кытайча сүйлөп калдым. Анан балдар эне тилин, каада-салтын унутуп калбасын деп Кыргызстанга кайра келдим.

Жаңылыктар түрмөгү
0