13:34 16 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Сөйкө. Архивдик сүрөт

Апамдын алтын сөйкөсүнө чейин уурдап саттым... Кумар оюнуна берилген жигиттин баяны

© Sputnik / Игорь Катаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Психолог менен баарлашуу (59)
366530

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында он жылдан бери кумар оюнун ойноп, карызга баткан жигиыыин тагдыры баяндалат.

Мен азыркы оор абалымдан кантип чыгууну билбегендигимден сиздерге кайрылып жатам. Өзүм отуз жаштамын. Ата-энем бардар турмушта жашайт. Мен да Бишкектеги азык-түлүк чыгарган фабрикалардын биринде эмгектенем. Айлыгым жакшы. Эки жыл мурда үйлөнүп, азыр келинчегим экөөбүз ымыркай күтүп жаткан кезибиз. Сырттан турмушум жакшы көрүнгөнү менен чындыгында башымдын азаптан чыга элегине 10 жылдай болду. Бул убакыттын ичинде карызга батып, ата-энеме, аялыма жек көрүндү болуп, жада калса эки жолу өзүмдү өлтүрүүгө аракет кылдым. Мунун баарына кумар оюндарынын бир түрү болгон лотерея (кутуда номерлүү шариктер айланып, кумарпоздор кайсы сандын түшөрүнө акча коюшат — ред.) себеп болду. 

Шары для розыгрыша лотереи во Франции. 28 сентября 2007 года
© AFP 2019 / JOEL SAGET
Лотерея

Баары 10 жыл мурда студенттик кезде башталды. Эч нерседен кам санабай, күнүмдүк турмуш менен алек болуп, досторум менен көңүл ачып жүргөн убак эле. Лотерея тууралуу алгач досторумдан уктум. Кумарканага да биринчи жолу ошолор менен кирдим. Алгач 100-200 сом гана коротчумун. Ал акчаны уттурсаң кайгырбайсың, бирок уткан күндө чөнтөгүңө 1000-2000 сом түшөт. Жаш бала үчүн бир-эки саатта мынчалык акча табуу ойго келбеген нерсе эле. Ошентип отуруп кумар оюнуна кантип байланып калганымды өзүм да билбей калдым.

Аз акчага ойноо убакыт өткөн сайын кызыктырбай калды. Ата-энем берген акча же болбосо тааныштардан карыз алып баштадым. Улам барган сайын кумарга короткон акчам көбөйө берди. Ошентип отуруп бир күнү эки сааттын ичинде кантип миң доллар уттуруп ийгенимди байкабай калдым. Бул мен үчүн ошол кезде кумарга киргизген эң көп акча эле. Азыр ойлоп көрсөм ал күнү кудайдан мага белги болгон экен. Ошондо өзүмө келип, жашоомду башка жолго бурганда азыркыдай абалга туш келбейт белем…

Менин көрүнгөн тааныштан карыз алып, кумарга белчемден батканымды акыры ата-энем да укту. Бирок атамдын катуу урушканы, апамдын көз жашы кымындай да таасир эткен жок. Болгон оюм кумарканага барып, акча табуу эле. Утканыма караганда уттургна убагым көп экендиги мени токтотподу.

Жогорку окуу жайды аяктаган соң азык-түлүк чыгарган фабрикалардын биринде жумушка орноштум. Шаардагы дүкөндөргө товарларды жеткирип берчүмүн. Саткан товарыма жараша айына 50 миңдей, майрам күндөрү 100 миң сомдон ашык акча алчумун. Акчам көбөйгөн сайын кумарга да көп корото баштадым. Эми мен үчүн 100 миң сом менен кумарканага кирүү кадимки көрүнүш боло баштады. Карыздарым күн өткөн сайын көбөйө берди. Ошентип бир күнү унаамды күрөөгө койдум. Ал акчаны жарым саатка жетпей уттуруп жибердим. Муну уккан атам мени алгач катуу сабап, андан соң акылын айтып унаамды чыгарып берди. Ал мени бардык нерсеге акыл калчап, бул "өнөрүмдү" таштайт деп ойлоду. Бирок лотерея мени биротоло арбап алган эле.

Атам урушкандан эки күн соң кайрадан унаамды күрөөгө койдум. Акчаны бир сааттын ичинде жок кылдым. Мен үчүн эми башка жол жок эле. Түз эле үйгө барып, ата-энем мага деп алып берген эки бөлмөлүү батирдин документтерин алып аны да күрөөгө койдум. Бирок ийгилик мага такыр жылмайбай койду. Бир түндүн ичинде унаадан да, үйдөн да ажырадым.

Ата-энем болсо оңолооруман таптакыр үмүт үзүп коюшту. Атам мени уулу катары көрбөй калды. Бар-жогум ал үчүн баары бир эле. Бирок мен аны туура түшүнөм. Канча жолу карыздарымды төлөп, кылган иштериме көз да жумуп, кеңешин айткан, ал жетпегенде койдой сабаган күндөрү да болду. Бирок эч нерсе мени кумар оюнунан алыстата албасын түшүндү. Ал эми апам азыркыга чейин мени аяйт, үйүнө барганда ар дайым абалымды сурап, ысык тамагын жасап берет. Мурдагы жайдары, ак көңүл апам мени ойлоп жүрүп чачтары да агарып, карып кетти. Түнү менен көчөлөп, сүрөтүмдү көтөрүп алып кумарканаларды кыдырып жүрүп кыйналды. А мен болсо ага көңүл бурбай канча жолу апамдын зер буюмдарын сатып жибердим. Акыры үйлөнүп, очор-бачар болсо ойногонду токтотот деген ой менен сүйлөшкөн кызыма куда түшүп барышты. Ошентип той күнү болду. Бирок мен кумаркананы ойлоп жаттым. Тойдун эртеси жоро-жолдошторум кошкон 130 миң сомдун баарын алып, лотереяга короттум. Ал аз келгенсип, кийинчерээк аялымдын алтындарын да жок кылдым.

Башым карыздан чыкпай, жашоо мен үчүн оор боло баштаганда өз өмүрүмө кол салуу жалгыз чечим катары көрүндү. Үй-бүлө, досторум, деги эле жашоо мен үчүн кыпындай да кызыкчылык жаратпай калды. Кыш мезгили болчу. Түндөсү темир жолго барып рельске жаттым да, колумдагы күрөө тамырды эки-үч жолу кескиледим. Көзүм караңгылашып, эсимди жоготуп койдум. Ойгонсом дале темир жолдо жатыпмын. Арадан үч саат өткөн экен. Сууктан улам кесилген жерим тоңуп, кан акпай калыптыр. Бул окуяны эч кимге айтпадым. Эки жумадан кийин бир куту дары-дармек ичтим. Эсим ооп жыгылганым менен экинчи жолу да кудай мени жанына алган жок.

Он жыл ичинде жалпысынан 200 миң доллардан ашык акчаны лотереяга "жуткурупмун". Ойногонду эки жыл мурун кумарканалар жабылганда гана токтотууга аргасыз болдум. Андан бери тапкан акчамы өзүмө же үй-бүлөмө корото албадым. Жалаң гана карыздарымды жабуу үчүн иштедим. Мейли, акча табылат дейли. Бирок мени эң өкүндөргөн жагдай — жалындаган жаштык кезимди каяктагы бир оюнга алдыргандыгым. Ата-энемдин ишеничин актай албай, аларды өтө оор күйүткө салдым. Аялыма татыктуу жолдош боло албадым. Мурда өзүмө ишенген, досторумдун арасында сыйлуу бала элем. Азыр мени эч ким тоготпойт, мага сын көз караш менен карашат. Чүнчүгөн, жүдөгөн, ар бир телефон чалуудан жалтактаган жигитке айландым. Мунун баарына өзүм күнөөлүмүн.

Тилекке каршы, мунун баары мага сабак болгон жок. Эми гана өзүмө келип, үй-бүлөм менен мамилем түзөлүп баратканда кайрадан кумар оюнуна азгырыла баштадым. Кумарканалар жабылгандан кийин досторумдун көбү лотереянын компьютердик түрүнө өтүп кеткен эле. Аларга мыйзам тыюу салган эмес. Мен да алгач карыздарымды жапсам эле токтотом деген шылтоо менен компьютердик клубдарга баш бага баштадым. Бирок мурдагыдай көп эмес, 30-40 миң сом менен гана ойнойм. Азыр жарым миллион сомдой карызым бар. Үч айдан бери үйдөгүлөргө айлыгымды карыздарыма берип жатам деп жалган айтып, өзүм болсо лотерея ойноо менен алекмин. Жарытылуу акча деле ута элекмим. Убакыт өткөн сайын кайрадан мурдагы кейпиме түшө баштадым.

Жакында балалуу болом. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик экендигин билем. Бирок өзүмдүн абалым бул болгон соң балама кандай тарбия берем деген ой коё бербейт. Өзүм деле өзгөрүүнү каалайм. Кумар оюну дегенде ата-энеме, жубайыма көңүл бурбаган мен балам деп жакшы жакка өзгөрөөрүмө көзүм жетпейт. Бирок дале болсо алдыда үмүттүн шооласы бар экендигин билем. Ошол шоолага кантип жетүүнүн жолун издейм…

Самат Аалканов, психолог

Кумар оюндары бул аябай терең маселе. Адамдын ага байланып калганынын себептери көп. Мисалы, аябай кыжаалат болуп же бир нерседен өтө коркушу мүмкүн. Ичиндеги ошол стресстик чыңалууну ар кандай жолдор менен чечкенге аракет кылат. Бирөө көйгөйдөн качуу үчүн ичет же баңги зат колдонот. Бирок кумар оюндарында башкачараак механизмдер бар. Наркоманияга окшоп ден-соолукка зыян келбейт. Кумарпоздордун мээсин терең карап көрсөк, алардын эндорфин, дофамин деген гормондорго болгон сезимталдыгы азайып калгандыгын байкоого болот. Мисалы, жөнөкөй адамдар таттуу нерсе жегенде рахат алса, кумарпоздор андан рахат ала алышпайт. Аларга көбүрөөк стимул керек. Ошондой эле аларга эрктүүлүк жетишпейт. Мээсинин бир бөлүгү "азыр ойногондон пайда жок, баары бир утуласың" десе, экинчиси "утабыз, жашообуз өзгөрүп, бактылуу болобуз" деп алдайт. Бардык адам өзүн бактылуу сезгиси келет. А кумарпоздор оңой менен эйфорияга жете алышпайт. Алар жанагындай оюндарды ойноп, утканда гана чоң бир рахат алышат. Бул — көйгөйдүн симптоматикалык жагы.

Дагы тереңирээк карасак, адам үй-бүлөсүнө, коомго өзүн ашыкча жүк көрүп, керек эместигин сезет. Андыктан алар жашагысы келбей калат. "Жашабоонун" да түрлөрү бар. Мисалы, өзүн-өзүн өлтүрүү — "жашабоонун" эң негизги түрү. Андан соң алкоголизм, наркомания жана кумарпоздук бар. Булар, жашоодон "кетүүнүн" жолдору. Бул көйгөй жалгыз эле кеңеш менен чечилүүчү маселе эмес. Гипноз аркылуу ичиндеги көйгөй жараткан маселерди алып салышыбыз мүмкүн. Бирок, кайра эле ойной беришет. Себеби, мээ башкача болуп калган. Ошондуктан, системалуу түрдө иштеш шарт. Алгач адам өзүндө проблема бар экендигин түшүнүшү керек. Ал кумар оюндары менен конфликтке барышы зарыл. Бул – маселени чечүүдөгү жарым кадам. Андан соң системалуу түрдө нарколог, психиатр, психолог, психотерапевт менен бир убакта иштешиши керек.

Тема:
Психолог менен баарлашуу (59)

Тема боюнча

Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
Кемпиримдин ордун бала толуктай албайт экен. Жесил абышканын арманы
Белгилер:
кеңеш, лотерея, кумаркана, кумар оюндары, психолог, жардам

ЭҢ МААНИЛҮҮ