23:43 20 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Коом
Кыскача шилтеме алуу
138 0 0

Анын эмгеги 2234 эскиздин ичинен тандап алынган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызcтандын мамлекеттик гербинин авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Асейин Абдраев 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабаралашты.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби Абдраевдин талыкпаган чыгармачылык изденүүсү, зор эмгеги менен жаралган. Бул эмгек 1992-жылы 2234 эскиздин ичинен тандалып алынып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу болуп бекитилген", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Абдраев 1948-жылы Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында туулган. 1965-жылы Фрунзедеги №12 орто мектепти бүтүрүп, Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайына тапшырат. Аны 1969-жылы аяктап, эмгек жолун Нарын музыкалык драма театрында сүрөтчү катары баштаган.

1972-1976-жылдары Москвадагы белгилүү сүрөтчүлөрдөн сабак алып, өнөрүн өркүндөткөн. Андан соң 1980-жылы Алма-Атадагы Абай атындагы көркөм сүрөт институтун бүтүрүп келип, кайрадан Нарын музыкалык драма театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенген.

1988-1992-жылдары балдардын көркөм өнөр мектебинде мугалим, 1993-2005-жылдары Нарын шаарындагы Жумамүдүн.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде директор болуп иштеп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Тема боюнча

Кыргызстандын герби тууралуу кызыктуу 10 факты
Белгилер:
сүрөтчү, герб, Асейин Абдраев, Нарын облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ