08.08.18: Бишкекте баш кошкондор өзгөчө көп болду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЦеремония массового бракосочетания 50 молодежных пар
Церемония массового бракосочетания 50 молодежных пар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул датада үйлөнүү үчүн жаштардын мурда эле арыз берип койгонун айтышты.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкекте сегизинчи айдын сегизинде, тагыраагы бул күнү 65 түгөй үй-бүлө күбөлүгүн алып, никеге турду. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Адатта, жылдын, айдын жана күндүн саны окшош болгон учурларда баш кошууну каалагандар арбын болот.

"2018-жылдын 8-августунда Бишкекте никеге тургандар үч эсе көп болду. Адатта түгөйлөр жыйырманын тегерегинде эле болчу", — деп айтышкан аталган кызматтан.

Кыргызстандагы үйлөнүү тууралуу фактыларды Sputnik Кыргызстан жасаган инфографикадан көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0