Кыргызстандык бийкеч "Аалам сулуусу" сынагын багындырууга аракет кылат

© Фото / Рустам ТалиповКыргызстандык модель Бегимай Карыбекова. Архив
Кыргызстандык модель Бегимай Карыбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл бул конкурска Кыргызстан биринчи ирет катышып жатат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Таиландда өтө турчу "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына быйыл Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Анда өлкө намысын "Кыргызстан сулуусу — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова коргойт.

Bangkok Post басылмасынын жазышынча 67-жолу уюштурулуп жаткан конкурс бул ирет Бангкок шаарында 17-декабрда Impact Arena көргөзмө комплексинде өтөт.

Международный конкурс красоты Мисс СНГ в Астане - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкөлөрүнүн эң сулуу бийкечи тандалды. Сынактагы сүрөттөр
Таиланддын бийлиги конкурсту өткөрүү өз кезегинде туристтерди тартып, элдин киреше булагы көбөйөт деген ишенимде.

"Аалам сулуусу" конкурсу биринчи жолу 1952-жылы АКШда өтүп, финляндиялык Арми Куусела эң мыкты деп табылган. Ал эми 2017-жылы Түштүк Африка респибликасынын өкүлү Деми-Ли Нель-Питерс "Аалам сулуусу" болгон.

Алдын ала маалымат боюнча быйылкы конкурска биринчи жолу трансгендер кыз катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0