БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кийинки мэрди шайлоо күнү дүйшөмбү, 23-июлда белгилүү болорун Sputnik Кыргызстандын кабарчысына БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Албек Ибраимовдун кызматынан бошотулгандыгы тууралуу өкмөт башчынын токтомун бүгүн алдык. 23-июль күнү жыйын өткөрөбүз", — деди Бекматов.
Эске салсак, 19-июль күнү Албек Ибраимов УКМК тарабынан кармалып, бир нече сааттан кийин аны ээлеген кызматынан бошотулган.