Дастан Жумабеков Москвада кырсыктаган таксисттин үй-бүлөсүнө акча бөлдү

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша КРВстреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу
Встреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка кириптер болгон мекендешке каражат төраганын фондусунан бөлүнөт.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Москвада жолдун четиндеги элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулунун үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөттү. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, каражат төраганын фондусунун бөлүнөт. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВстреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу
Встреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Встреча торага ЖК Дастанбека Джумабекова с родственниками Чынгыза Анарбек уулу

"Жолугушуу учурунда спикер окуя тууралуу маалымат алып, Чыңгыз Анарбек уулунун туугандарына 100 миң сом тапшырды. Алар берилген каражатты жол кырсыгынан жабыркагандарга жөнөтүүнү көздөшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Москвада кырсыктаган таксисттин апасы: Чыңгыз уулумду террорчу дебегилечи... - Sputnik Кыргызстан
Аба майдандагы көз жаш. Чыңгыз Анарбек уулунун апасы Москвага жөнөп кетти. Видео
Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги 8 футбол күйөрманын койдуруп кетип, алар жеңил жараат алышкан. Кырсыктын себепкери эки айга камалган

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаракат алгандарды Кыргызстанга келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырган. Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып бейтаптардын абалы менен таанышып келген. Окуяны президент Сооронбай Жээнбеков да көз жаздымда калтырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0