Кырсыктан сактоочу 10 белги. Дасыккан айдоочулардан кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобили на проспекте Чуй в центре Бишкека
Автомобили на проспекте Чуй в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа айдап баратканыңызда башка бир айдоочунун кол чапканы эмнени билдирет? Тажрыйбалуу айдоочулар менен сүйлөшүп, авто сүйүүчүлөрдүн ишараттарынын маанисин сурап билдик.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Таксисттер, алыс аралыкка чыккан айдоочулар, маршруткачылар бир көйгөйдү байкаса, бири-бирине кандай белги берерин айтып беришти. Баш-аягы 10 ишарат топтолду.

1. Жөө жүргөндөр өтчү тилкедеги "аварийканы" жандыруу — "токто, киши басып келе жатат".

Эгер айдоочу жолдо баратып эле унаасынын габариттик чырагын жандырса, демек өтүп бараткан кишиге жол берип жатканын түшүндүрөт.

Картондон жасалган МАИ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өздөрү эле жипке тизгендей бекен... МАИ кызматкерлери кыжырды кайнатканда
2. Унаанын ыраакка берилчү жарыгы эки ирет өчүрүп-жандырылса — "алдыда кооптуулук бар".

Демек маңдайда келе жаткан унаалар этият болууну өтүнүп жатат: жолдо бир кооптуулук бар — кырсык болгон, жол тешигинин үстү ачык, жол бузулган ж.б. Же көпчүлүк учурда алдыда жол кайгуул кызматкерлери бар дегенди да түшүндүрөт.

3. Оң тарапка бурулчу жарыгы жанса — "айланып өтө берсең болот"

Көбүнесе бул белгини айланага дурус көз чаптыра алган фуралардын айдоочулары берет. Жолдун боштугун алдын ала билдирип, айдоочулар бири-бирине ушинтип көмөктөшөт.

4. Түнкүсүн жарыгы ыраакка жандыруу — "жарык көзгө уруп жатат, унаанын ыраак жарыгын өчүр".

Маңдайда келаткан унаанын шоопуру сиздин машынаңыздын жарыгы көзгө уруп жатканын ушундай белги менен билдирет. Күндүзү берилген бир жолку кыска белги сизге жол берүүгө даярдыгын туюндурат.

5. Эки жолку кол чабуу — "жүк салгычыңды бекит".

Тилекке каршы, бул жаңсоону сиздин айдоочулук жөндөмүңүзгө берилген бийик баа катары сыпаттоого болбойт. Болду-болбоду, жүк салгычыңыз ачык калган болушу мүмкүн.

Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт күйүүчү май эмнеге кымбаттап жатканына түшүндүрмө берди
6. "Аварийканын" өчүрүлүп-жандырылышы — "Ырахмат!" же "түшүнүп кой же ырайым кыл" дегендик.

Бир саамга авариялык белгинин жандырылышы — жол бергениңиз үчүн айдоочунун ыраазычылык билдиргени. Сиздин жолуңузду кесип өтүп же натуура имерилип алган учурда мындай белгини алардын кечирим сураганындай кабылдаңыз.

7. Арттагы унаанын ыраакка берилчү жарыгын жандырганы — "жол бер, тилкени бошот" деп өтүнгөнү.

Эгер кан жолдо түнкүсүн артта келе жаткан автонун ыраакка берилчү жарыгы көзүңүздү уялтса, анын айдоочусу сизден жол берүүнү суранып жатканы деп билиңиз.

8. Стоп-белгисинин кайра-кайра жанышы — "жакын айдаба" ишараты.

Мындай белги кымгуут маалда калаа борборунда жүргөндөрдүн дээрлик баарына берилет. Эгер жол тыгынында алдыңыздагы унаанын "аварийкасы" тынбай жандырылса, алдыдагы "кесиптешиңиз" аралыкты сактооңузду өтүнүүдө.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйрөнчүк айдоочулардын унаасына атайын белги тагылат. Мыйзам долбоор
9. "Ме сага" — адатта эки дөңгөлөктүн ортосуна бир нерсе тыгылып калганынын ишараты

Жүк ташуучу унаа жана фуралардын айдоочулары үчүн бул белги — ызаланткандык эмес, тескерисинче, жакшылык кылуу. Муштумду түйө баш бармакты сөөмөй менен ортондун ортосунан чыгарып алыска сапар алган айдоочулар машиненин дөңгөлөктөрүнө таш тыгылып калганын эскертишет.

10. Баш бармак төмөн көрсөтүлсө — "май куюлчу бакты жап" дегени

Көңүл чөгөрбөңүз, бул сиздин айдаганыңызды жактырбай жатышканы эмес. Айдоочу сизге унааңыздын бензин куюлчу багы ачык калганын байкаганын билдирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0