Асманга көз салгыла! Кыргызстандыктар кылымдын астрономиялык окуясына күбө болот

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүПолное лунное затмение наблюдали в Москве
Полное лунное затмение наблюдали в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар 28-июлга караган түнү 21-кылымдагы эң узакка созулган айдын тутулуусуна көрө алышат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. 28-июлга караган түнү күн ачык боло турган болсо кыргызстандыктар 21-кылымдагы эң узакка созулган айдын тутулуусуна күбө болушат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Москва планетарийинен билдиришти.

Бишкек убактысы боюнча тутулуу 28-июль күнү саат 00.24төн таңкы саат 04.20га чейин — 3 саат 56 мүнөткө созулат. Ал эми тутулуунун толук фазасы 1 саат 44 мүнөттү (1.30дан 3.14кө чейин) түзөт.

"Бул 21-кылымдын эң узакка созулган ай тутулуусу. Жалпысынан 225 тутулуу болот. Алардын 85и толук, алтоо гана үч жарым саатка чейин жетет. Эгер аба ырайы жакшы болсо жарандар мындай кубулушту көрө алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Толук фаза учурунда ай жердин көлөкөсүнө "жашынып" кочкул кызыл түскө бөлөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0