05:43 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
264820

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кылымдап турган тарыхый бир нече диний жайлар бар. Алардын өзүнө тиешелүү тагдыры, таржымалы айтылып келет. Бул ирет ошондой жайлардын бири Каракол шаарындагы дунган мечити тууралуу сөз кылабыз.

XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири. Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган.

Тарыхый маалыматтарда бул мечит ошол кезде Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы салынганы айтылат. Кийин мезгилдин өтүшү бул жай анын ысымында аталып калды.

  • XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири
    XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири
    © Sputnik
  • Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган
    Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Тарыхый маалыматтарда бул мечит ошол кезде Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы салынганы айтылат
    Тарыхый маалыматтарда бул мечит ошол кезде Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы салынганы айтылат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Кийин мезгилдин өтүшү бул жай анын ысымында аталып калды
    Кийин мезгилдин өтүшү бул жай анын ысымында аталып калды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Мечитти 1904-жылдан тарта курулуп, 1907-жылы бүткөрүлгөн
    Мечитти 1904-жылдан тарта курулуп, 1907-жылы бүткөрүлгөн
    © Sputnik
  • Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек, ал эми кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган
    Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек, ал эми кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган
    © Sputnik
  • Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат.
    Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik
XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири

"Ал замандаш дунгандар арасында Маа-Хажы деп айтылган. Ал эми өзүнүн аты Ма-Ю-Тон болгон. Мечитти салдырыш үчүн Пекинден атактуу архитектор Чжоу-Сы жана колунан көөрү төгүлгөн 20 устаны чакырткан. Бул ишке көмөкчү усталар да салым кошкон", — деп айтып берди Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков.

Мечитти 1904-жылдан тарта курулуп, 1907-жылы бүткөрүлгөн. Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек, ал эми кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган.

Как выглядели учебные заведения Кыргызстана в ХХ веке
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
"Совет бийлигинин учурунда 1929-жылдан 1947-жылга чейин кампа болуп турган жай кийин кайрадан мечит катары пайдаланыла баштаган жана тарыхый музей катарында да катталган. Ошондуктан биздин мечитке дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн туристтер келет", — деп айтып берди Сагындыков.

Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат. Көп кабаттуу чатырчалардын учунан ажыдаардын башы түшүрүлгөндүгүн көрүүгө болот. Андан кийин алмурут, жүзүм, өрүк жана башка жер-жемиштердин, гүлдөрдүн сүрөттөрү түшүрүлүп кооздолгон.

Тема боюнча

Стамбулда дүйнөдөгү эң чоң мечит курулду. Асмандан тартылган видео
Карга бөлөнгөн Бишкектин асмандан көрүнүшү
Белгилер:
мык, архитектура, мечит, туризм, Каракол, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ