Бишкекте жоголгон жаш режиссер Раяпов 10 күндөн кийин Көлдөн табылды

Жазылуу
Шамир Раяповду борбор калаада акыркы жолу 3-июнда көрүшкөн.

БИШКЕК, 13-Июн. — Sputnik. Бишкекте жоголуп кеткен 24 жаштагы Шамир Раяпов табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакын досу билдирди.

"Шамир Ысык-Көлдөн табылды, азыр анын жанында атасы бар. Ким таап алганын жана ал жакка кандай болуп барып калганы жөнүндө азырынча кабарым жок", — деди досу.

Эскерте кетсек, жаш режиссер Раяпов 3-июндан бери дайынсыз болчу. Анын чет өлкөгө чыкпаганы да такталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0