Казакстанда менингиттен 12 киши өлдү. КР Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коркунучтуу дарттан 12 адам көз жумду. Казакстандыктар массалык түрдө менингитке каршы эмдөөдөн өтүп жатат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Казакстанда менингиттин жайылышы 12 жаштагы баланын каза болушуна алып келди. Sputnik Казакстан агенттиги саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго шилтеме берип жазганына караганда, ондогон адам аталган дартка чалдыккан.

"Бүгүнкү күндө менингит менен ооруган 58 адам катталды. Ал эми каза болгондордун саны 12ге жетти. Ооруган 58 кишинин — 18и 14 жашка чейинки балдар. Ал эми каза болгондордун бешөө 14 жашка чейинки балдар", — деп маалымат жыйын учурунда Биртанов билдирген.

@Akhmetova_aida аттуу Instagram колдонуучусунун билдирүүсү коомчулукта өзгөчө резонанс жаратты. Ал бир түн ичинде беш жаштагы баласы менен келинин жоготконун жазган.

"Менин көзүмчө эле ооруга чалдыккан тогуз баланы алып келишти. Балдарын өздөрү алып келип жаткан ата-энелер дагы бар. Кезек күткөндөр укмуш көп. Баламды 10 мүнөт карашкандан кийин эле реанимацияга жаткырышты. Уулумдун жаны учуп кетти…", — деп посттун автору жазган.

Ал ошондой эле араң жан болуп жаткан келинин аймактык принципке таянып 55 чакырым алыстыктагы ооруканага алып жөнөгөн медиктерди дагы айыптаган.

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
"Фельдшер менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал Каскеленге чейинки алыскы жолду көтөрө албай турганын айтып, бир сааттын ичинде баламдан айрылганымды кабарладым. Бирок фельдшер "облустагылар үчүн жакынкы инфекциялык оорукана Каскеленде" деп койду. Элестетип көргүлө, Талгардан Каскеленге чейин эң аз дегенде эки саат кетет. Кыскасы, келинибизден дагы айрылдык. Бир үй-бүлөдөн эки адам кете берди", — деп жаран бир түндө болгон окуяны сүрөттөгөн.

Учурда эмдөө акысы кымбат болгонуна (5700 сом) карабастан, вакцина үчүн кезек күткөндөр көп.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөл жана инфекциялык ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаеванын айтымында, быйыл өлкөдө менингит менен ооругандардын саны керек болсо азайган.

"Жыл башынан бери 10 адам менингит менен ооруганы аныкталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу үч эсе аз. Бул циклдык дарт, 15-20 жылда бир жолу күч алат. Мындай көрүнүш акыркы жолу биздин өлкөдө беш жыл мурун болгон", — деди ал.

Детский хоспис в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: №3 балдар ооруканасындагы 8 жаштагы бөбөктүн өлүмү териштирилүүдө
Дарыгер оорунун белгилерин дагы айтып өттү. Менингитке чалдыккан адамдын башы катуу ооруйт. Бул учурда баш оорунун дарысы дагы жардам бере албайт. Адамдын жүрөгү айланып, температурасы жогорулайт.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын нейроинфекция бөлүмүнүн башчысы Канатбек Исаковдун менингит оорусу тууралуу айтып берген маегин сөзсүз түрдө окуп коюңуздар. Көрсө ооруну бактериялар менен вирустар жаратат экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0