Кадимки сода ракты айыктырууга кантип жардам берери аныкталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТамак аш содасы. Архив
Тамак аш содасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, соданы сууга кошуп ичсе, ал рак клеткаларын дарыга тез баш ийдире алат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Сода химиотерапиянын майнаптуулугун арттыруучу касиетке ээ болгондуктан, ракты дарылоодо мааниси чоң экенин Людвиг институтунун (АКШ) окумуштуулары иликтеп чыгышты. Бул тууралуу EurekAlert басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында соданы сууга кошуп ичсе, ал рак клеткаларын дарыга тез баш ийдире алат.

"Шишик абдан өөрчүп кеткенде рак клеткалары андан бөлүнүп, өзүнчө "жашай" баштайт. Ошол учурда аларга кычкылтек жетишпей, кычкылдануу башталат. Ал эми мындай процесс болгон жерге химиотерапиянын күчү анча жетпейт. Оорулуу кадимки тамак-аш соодасын ичкен маалда, ал организмдеги кычкылданууну басаңдатып, дары оору менен активдүү күрөшө баштайт", — деп түшүндүргөн иликтөө жүргүзгөн дарыгерлердин бири Чи Ван Дан.

Мындай бүтүм чыгарыш үчүн окумуштуулар көп кыймылдабагандыктан, ашказанында кычкылдуулук көбөйүп кеткен чычкандарга рак клеткаларын салышкан. Ошондой кийин келемиштерди бир топ убакыт дарылап, бирок дары-дармектин шыпаасы тийбей жатканын байкашкан. Качан гана аларга сода кошулган суу бере баштаганда, жылыш кадимкидей байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0