КР Кытайга 25 сотых жер үчүн 3,4 гектар жерди береби? Бийлик муну кандай түшүндүрдү

© Sputnik / Акылбек БатырбековВид на улицу Масалиева в Бишкеке
Вид на улицу Масалиева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаттары Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имараты турган 3,371 гектар жерди ижарадан бошотуу сунушун колдогон эмес.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов шаршемби күнү "Апрель" телеканалынын түз эфиринде Бишкектеги Кытай элчилигине ижарага берилген жер боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, маселе жерди коңшу өлкөгө менчикке берүү эмес, буга чейин төлөнүп келген ижараны алып салуу боюнча болгон.

"Кечээ, 30-майда жер тууралуу түшүнбөстүктөр болуп кетти. Кеп Кытай элчилигине кошумча жерди менчикке берүү эмес, азыр колдонуп жаткан, 49 жылга берилген жеринин ижарасын алып салуу жөнүндө болгон. Тагыраагы, бекер колдонууга берүү. Мындай өтүнүч менен шаардык кеңештин төрагасына Тышкы иштер министрлиги кайрылган. ТИМдин кызматкеринин докладында айтылганына караганда, ушуга чейин бул жаатта эки тараптуу абдан чоң аракеттер көрүлгөн", — деди Ибраимов.

Мэрдин маалыматы боюнча Кытай тарап дагы өз кезегинде кыргыз элчилигине Пекин шаарынан жер бөлүп бермекчи.

"Кытай буга жооп катары Пекинден жер бөлүп, ага дээрлик гранттык негизде элчиликтин имаратын куруп беришет", — деп түшүндүрдү шаар башчысы.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 30-майдагы кезектеги жыйынында Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имараты турган 3,371 гектар жерди ижарадан бошотуу маселесин карап, аны колдогон жок. Бирок депутаттар бул өтө маанилүү маселе экенин белгилеп, колдоо зарылдыгын айтып чыгышты. Ошнетсе да кайрадан добушка коюлган маселе баары бир өтпөй калды.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Жыйында шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев Кытай тарап Кыргызстандын Пекиндеги элчилигине кошумча 25 сотых жер бөлүп берип, ал жерге элчиликтин имаратын жана көп кабаттуу турак-жай салып бере турганын айтты.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кытай тарап менен Кыргызстандын Пекиндеги элчилигине бөлүнө турчу 25 сотых жерге имарат курдуруу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик 5 жыл жүргөнүн кошумчалаган.

31-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев мэриянын имаратына келип, бирок ал эмне маселе боюнча келгенин журналисттерге айткан эмес.

Белгилей кетсек, июндун башында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга расмий сапар менен барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0